Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2026-жылдын 6-августу № 603-т
Мамлекеттик мүлктү башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 "Мамлекеттик мүлктү ижарага, чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартибин регламенттөөчү маселелер жөнүндө" токтому менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобонун 11-пунктунун 1-пунктчасына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы менен биргеликте белгиленген тартипте:
1) Бишкек шаары, Ленин району, Селекционная көчөсү, 1Г дарегинде жайгашкан, идентификациялык коду 1-01-23-1008-3457, жалпы аянты 10 га жер тилкесинде жайгашкан "Евразия Кей Джи" аттракциондор паркынын мүлктүк комплексин (мындан ары - объект) "Парк Евразия Кей Джи" коомдук фондуна 10 (он) жылдык мөөнөткө, ушундай эле мөөнөткө узартуу менен акысыз мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берсин;
2) объектти ээликтен ажыратуу жана үчүнчү жактарга берүү укугусуз "Парк Евразия Кей Джи" коомдук фонду менен акысыз мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу келишимин түзсүн жана төмөнкүдөй негизги шарттарды карасын:
- максаттуу багыты боюнча пайдалануу жана талаптагыдай абалда күтүү;
- өткөрүлүп берилген күндөн тартып жыл бою иштетүүгө өткөрүү;
- коммуналдык жана эксплуатациялык чыгымдарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттүү төлөмдөрдү жана жыйымдарды төлөө;
- мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин, балдар үйлөрүнүн жана интернат үйлөрдүн тарбиялануучулары, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү, социалдык жактан корголбогон үй-бүлөлөрдүн жана окууда мыкты жетишкендиктерге ээ болгон балдар үчүн ар кандай иш-чараларды уюштуруу боюнча кызматтарды акысыз негизде көрсөтүү;
- акысыз мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин объекттин бардык жүргүзүлгөн ажыратылуучу жана ажыратылгыс жакшыртууларын мамлекеттин менчигине өткөрүп берүү.
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |