Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-августундагы № 522 токтомуна)
Медициналык иш менен алектенген жеке жана юридикалык жактарды аккредитациялоо ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Медициналык иш менен алектенген жеке жана юридикалык жактарды аккредитациялоо тартиби (мындан ары - Тартип) менчигинин түрүнө карабастан медициналык иш менен алектенген, Кыргыз Республикасында профилактикалык, дарылоо-диагностикалык, медициналык жана реабилитациялык кызматтарды көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарын аккредитациялоонун шарттарын белгилейт, ошондой эле стандарттарга шайкештикти баалоо боюнча саламаттык сактоо уюмдарын аккредитациялоо системасынын иштөөсүнүн жалпы принциптерин, колдонуу чөйрөсүн жана түзүмүн, аккредитациялоонун негизги катышуучуларынын функцияларын, аккредитациялоо боюнча иштерди жүргүзүүнүн жалпы жол-жоболорун жөнгө салат.
2. Мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдары, ошондой эле жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруу органы менен түзүлгөн келишимдердин негизинде Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча медициналык иш жүргүзгөн жеке менчик формасындагы саламаттык сактоо уюмдары аккредитацияланууга тийиш.
3. Негизги терминдер жана аныктамалар:
1) аккредитацияланган объект - аккредитациялоо стандарттарына ылайык кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн аккредитациялоо жол-жобосунан өткөн жеке жана юридикалык жактар;
2) аккредитациялык экспертиза - аккредитациялоонун негизги элементи/этабы, мында аккредитациялоо объектисинин кесиптик ишине бекитилген аккредитациялоо стандарттарынын негизинде баалоо жүргүзүлөт;
3) мониторингдик визит - аккредитациялоо жүргүзүү учурунда аныкталган стандарттарга шайкеш келбестиктерди жоюу боюнча аккредитацияланган объект жүргүзгөн ишти баалоо жол-жобосу;
4) аккредитациялоо боюнча орган - медициналык иш жүргүзгөн жеке жана юридикалык жактарды аккредитациялоо жүргүзүү үчүн саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагында турган Медициналык аккредитациялык комиссия;
5) аккредитациялоо объекти/аккредитациялануучу объект - медициналык иш менен алектенген жана аккредитацияланган статусун алууга талапкер болгон жеке жана юридикалык жактар (мындан ары - саламаттык сактоо уюмдары);
6) стандарттарга шайкештикти баалоо - аккредитациялоо стандарттарында көрсөтүлгөн талаптардын сакталышын түздөн-түз же кыйыр түрдө аныктоо;
7) саламаттык сактоо системасындагы аккредитациялоо стандарттары (мындан ары - стандарттар) - саламаттык сактоо уюмдарында менеджментти уюштурууга, коопсуздукка, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына жана материалдык-техникалык базага карата талаптарды белгилөөчү документтер;
8) аккредитациялоо боюнча эксперт (мындан ары - эксперт) - аккредитациялоо боюнча орган белгилеген критерийлерге ылайык келген, атайын окутуудан жана стажировкадан өткөн, аккредитациялоо боюнча орган тарабынан аккредитациялоо иштерине катышууга компетенттүү деп таанылган адис. Штаттан тышкаркы эксперттердин расмий тизмеси саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
2-глава. Аккредитациялоо боюнча иштин негизги максаттары жана принциптери
4. Саламаттык сактоо уюмдарын аккредитациялоо алардын стандарттарга шайкештигин ырастоо, алардын ишинин натыйжаларын таануу үчүн шарттарды түзүү максатында жүзөгө ашырылат.
5. Аккредитациялоо төмөнкү принциптердин негизинде жүзөгө ашырылат:
1) мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдары үчүн милдеттүүлүк;
2) аккредитациялоо боюнча органдын компетенттүүлүгү жана калыстыгы;
3) аккредитациялоо эрежелеринин ачыктыгы жана жеткиликтүүлүгү;
4) аккредитациялоого талапкер болгон бардык жактардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын теңдигин камсыз кылуу;
5) аккредитациялоо боюнча иштердин жүрүшүндө алынган купуя маалымат коммерциялык сыр болуп саналса, аны ачыкка чыгарбоо.
3-глава. Аккредитациялоонун түзүмү жана уюштурулушу
6. Аккредитациялоонун катышуучулары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Саламаттык сактоо уюмдарын аккредитациялоо боюнча байкоочу кеңеш (мындан ары - Байкоочу кеңеш);
2) аккредитациялоо боюнча орган;
3) медициналык иш менен алектенген саламаттык сактоо уюмдары.
7. Байкоочу кеңеш саламаттык сактоо уюмдарын аккредитациялоо системасын башкаруу функциясын жүзөгө ашыруу үчүн саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлөт. Байкоочу кеңештин курамы саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен түзүлөт.
8. Байкоочу кеңештин функциялары:
1) саламаттык сактоо субъекттерин аккредитациялоо чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгууга катышат;
2) аккредитациялоо системасындагы мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга жана ченемдик документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизет;
3) саламаттык сактоо уюмдарын аккредитациялоо үчүн колдонулуучу методдорду жана стандарттарды жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизет;
4) аккредитациялоо боюнча органдын отчетторун карайт жана макулдашат;
5) аккредитациялоонун натыйжаларын карайт жана ушул Тартипке ылайык аккредитацияланган саламаттык сактоо уюмдарына категорияларды ыйгаруу жөнүндө чечимдерди кабыл алат;
6) аккредитациялоонун катышуучулары берген апелляцияларды карайт;
7) саламаттык сактоо уюмдарын аккредитациялоонун натыйжаларынын негизинде саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчилигине анын карамагындагы саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин ишине кызматтык баалоо жүргүзүүнүн зарылдыгы жөнүндө сунуштама мүнөзүндөгү сунуштарды киргизет;
8) саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга аккредитациялоо системасынын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча сунуштарды киргизет;
9) аккредитациялоо системасын өнүктүрүү үчүн донорлорду издөөгө жана тартууга көмөктөшөт;
10) медициналык-санитардык жардамдын коопсуздугун камсыз кылуу жана сапатын жогорулатуу жаатында иштеген башка институционалдык түзүмдөр менен иш-чараларды координациялоону жана маалымат алмашууну жүзөгө ашырат.
9. Саламаттык сактоо уюмдары төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ушул Тартипте белгиленген мөөнөттөрдө аккредитациялоодон өтүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмегин аккредитациялоо боюнча органга берүүгө;
2) берилүүчү документтердин аныктыгын камсыз кылууга;
3) аккредитациялоону жана мониторингдик визитти өткөрүү үчүн шарттарды камсыз кылууга;
4) аккредитациялоо жана мониторингдик визит үчүн акы төлөөгө;
5) аккредитациялоону жана мониторингдик визитти өткөрүүгө байланыштуу аккредитациялоо боюнча органдын чыгымдарын (мейманкана, суткалык, транспорттук чыгымдар) ордун толтурууга.
10. Саламаттык сактоо уюмдары төмөнкүлөргө укуктуу:
1) аккредитациялоону өткөрүүнүн тартиби, шарттары жана мөөнөттөрү жөнүндө бардык зарыл маалыматтарды жана документтерди алууга;
2) аккредитациялоодон кайрадан өтүүгө;
3) аккредитациялоонун натыйжалары боюнча кабыл алынган Байкоочу кеңештин чечимдерине белгиленген соттук тартипте даттанууга.