Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 3-августу № 522
Медициналык иш менен алектенген жеке жана юридикалык жактарды аккредитациялоо тартибин бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин экинчи бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Медициналык иш менен алектенген жеке жана юридикалык жактарды аккредитациялоо тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомду ишке ашыруу төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат деп белгиленсин:
1) мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдары үчүн Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында;
2) жеке менчик формасындагы саламаттык сактоо уюмдары жана жекече иштеген жактар үчүн өздүк каражаттарынын эсебинен.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин жана ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |