Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭКОНОМИКА ЖАНА КОММЕРЦИЯ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ АДАЛ-ИНДУСТРИЯСЫН ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРУНУН БУЙРУГУ
2026-жылдын 18-августу № 017-П
Адал продукциялары жана «адал» кызмат көрсөтүүлөрү стандарттарына шайкештиктин улуттук белгисин колдонуу
боюнча айрым маселелер жөнүндө
«Кыргыз Республикасындагы адал индустриясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2, 7-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-июнундагы № 319 «Укуктук мүнөзгө ээ мамлекеттик органдардын актыларын кабыл алуу тартиби жөнүндө» токтомуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 300 «Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Адал-индустриясын өнүктүрүү боюнча борбор» мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобого ылайык, буйрук кылам:
1. Бекитилсин:
1) №1 тиркемеге ылайык Адал продукциялары жана «адал» кызмат көрсөтүүлөрү стандарттарына шайкештиктин улуттук белгисин колдонуу тартиби жөнүндө убактылуу жобо;
2) №2 тиркемеге ылайык Адал продукциялары жана «адал» кызмат көрсөтүүлөрү стандарттарына шайкештиктин улуттук белгисин колдонуу сертификатынын үлгүсү;
3) №3 тиркемеге ылайык Адал продукциялары жана «адал» кызмат көрсөтүүлөрү стандарттарына шайкештиктин улуттук белгисинин сүрөттөлүшү.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Адал-индустрияны өнүктүрүү боюнча борбор» мамлекеттик мекемеси:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө» токтомуна ылайык, ушул буйруктун мамлекеттик жана расмий тилдерде расмий интернет сайтында расмий жарыяланышын камсыз кылсын;
2) расмий жарыялангандан кийин жети жумуш күн ичинде, ушул буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтардын борбордоштурулган банкына киргизүү үчүн жөнөтсүн;
3) аталган буйрук күчүнө кирген учурдан тартып Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте адал продукциялары жана «адал» кызмат көрсөтүүлөрү стандарттарына шайкештиктин улуттук белгисин каттоо ишин жүргүзсүн;
4) ушул буйруктун аткарылышы боюнча ишти уюштурсун.
3. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумушчу күндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
Директор |
| А.Д. Кайырбеков |
|
| № 2 тиркеме Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Адал-индустрияны өнүктүрүү боюнча борбор» мамлекеттик мекемесинин 2026-жылдын 18-августундагы № 017-П буйругуна
|
Адал продукциялары жана «адал» кызмат көрсөтүүлөрү стандарттарына шайкештиктин улуттук белгисин колдонуу боюнча сертификаттын үлгүсү
|
| № 3 тиркеме Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Адал-индустрияны өнүктүрүү боюнча борбору» мамлекеттик мекемесинин 2026-жылдын 18-августундагы № 017-П буйругуна |
Адал продукциялары жана «адал» кызмат көрсөтүүлөрү стандарттарына шайкештиктин улуттук белгисинин сүрөттөлүшү
Адал продукциялары жана «адал» кызмат көрсөтүүлөрү стандарттарына шайкештиктин улуттук белгиси – сегиз бурчтуу жылдыз, анын борборунда түндүк улуттук образы жайгашкан, ал тазалыкты, биримдикти, салттарды жана адал принциптерине бекем карманууну билдирет.
Бул геометриялык композиция адал продукциянын же кызматтардын ишенимдүүлүгүн, ачык-айкындыгын жана жогорку сапаттагы деңгээлин чагылдырат. Түндүктүн сүрөтү боз үйдүн бүт курулушун бириктирет, бардык ууктар бир чекитке чогулуп, бул учурда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана ишкердик субъекттеринин бир максатка жетүү үчүн биригүүсүн, башкача айтканда, адал принциптерин карманууга жана чынчылдыкка бекем туруусун билдирет.
Сегиз бурчтуу жылдыз адал продукциялары жана «адал» кызмат көрсөтүүлөрү стандарттарына шайкештиктин улуттук белгисинин негизги элементи болуп саналат жана ислам маданиятынын руханий мурасын билдирет.
Адал продукциялары жана «адал» кызмат көрсөтүүлөрү стандарттарына шайкештиктин улуттук белгисин кара жашыл түскө боелгон, ал мусулман дининин, адилеттүүлүктүн жана жашоонун салттуу символу болуп саналат.