Редакцияот 30.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН АДМИНИСТРАЦИЯСЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2025-жылдын 30-майы № 116

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында документтер менен иштөөнү уюштуруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-майындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө жобонун 27-пунктуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 570 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:

"1-1. Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын  Президентинин  Администрациясынын Жетекчисинин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын актыларынын долбоорлору кирүүгө чектөө грифи бар ("КПҮ", "Жашыруун" ж.б.) актылардын долбоорлорун кошпогондо, ушул тескеменин 1-пунктунда бекитилген Регламентте белгиленген талаптарга ылайык электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына электрондук форматта киргизилет жана кабыл алынат деп белгиленсин.".

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 571 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:

"1-1. Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын  Президентинин  Администрациясынын Жетекчисинин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын актыларынын долбоорлору кирүүгө чектөө грифи бар ("КПҮ", "Жашыруун" ж.б.) актылардын долбоорлорун кошпогондо, ушул тескеменин 1-пунктунда бекитилген Регламентте белгиленген талаптарга ылайык электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына электрондук форматта киргизилет жана кабыл алынат деп белгиленсин.".

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси

 

 

 

А.А. Касымалиев