Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 30-июну № 14/105
Шалта айылынын парк зонасынан 450 чарчы метр жер аянтын
Д. Шопоков атындагы музейге бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексин, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып, ошондой эле Дүйшөнкул Шопоков атындагы музейдин аймагын иретке келтирүү жана анын ишмердүүлүгүн камсыз кылуу максатында, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гавриловка айыл аймагына караштуу Шалта айылындагы парк зонасынын курамындагы 450 (төрт жүз элүү) чарчы метр жер аянты Дүйшөнкул Шопоков атындагы музейдин пайдалануусуна бекитилсин.
2. Гавриловка айыл өкмөтүнө:
- белгиленген жер тилкесинин чек араларын мыйзам талаптарына ылайык аныктоо;
-тиешелүү жер-кадастрдык документтерди даярдоо;
-укук белгилөөчү документтерди мыйзамда белгиленген тартипте каттоо боюнча чараларды көрүү тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Д.У.Картанбаевага жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет
2026-жылдын 24-августундагы https://www.gavrilovka.gov.kg/ky/document_more/?id=127 расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Б.М.Мамыркулов |