Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 30-июну № 14/106
Шалта, Жаңгарач жана Романовка айылдарында жайгашкан
мусулмандардын көрүстөндөрүн «Көрктөндүрүү комбинаты»
муниципалдык ишканасынын карамагына өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексин, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, «Муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамдардын талаптарын жетекчиликке алып, көрүстөндөрдү талаптагыдай күтүү, көрктөндүрүү, санитардык тазалыгын камсыз кылуу жана натыйжалуу пайдалануу максатында, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гавриловка айыл аймагына караштуу Шалта айылындагы жаңы курулган парк зонанын 450 (төрт жүз элүү) чарчы метр жер аянтын Д.Шопоков атындагы Музейдин курамына кошулсун.
2. Гавриловка айыл өкмөтүнө:
- белгиленген жер тилкесинин чек араларын мыйзам талаптарына ылайык аныктоо;
-тиешелүү жер-кадастрдык документтерди даярдоо;
-укук белгилөөчү документтерди мыйзамда белгиленген тартипте каттоо боюнча чараларды көрүү тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Д.У.Картанбаевага жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет
2026-жылдын 24-августундагы https://www.gavrilovka.gov.kg/ky/document_more/?id=128 расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Б.М.Мамыркулов |