Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 30-июну № 14/107
Жайыттарды «Көрктөндүрүү комбинаты» муниципалдык ишканасына
өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Жер кодексин, «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана «Муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып, жайыттарды натыйжалуу пайдаланууну, санитардык абалын жакшыртууну, тазалоону жана инфраструктурасын күтүү иштерин уюштуруу максатында, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гавриловка айыл аймагындагы жайыттарды күтүү, тазалоо, көрктөндүрүү жана жайыт инфраструктурасын тейлөө боюнча функциялар «Көрктөндүрүү комбинаты» муниципалдык ишканасына актынын негизинде өткөрүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы «Көрктөндүрүү комбинаты» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Р.М Шамузага жүктөлсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2026-жылдын 24-августундагы https://www.gavrilovka.gov.kg/ky/document_more/?id=129 расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Б.М.Мамыркулов |
(Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде акты кагаз түрүндө)