Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 30-июну № 14/108
2026-жылга карата жайыттарды пайдалануу иш чаралар планын
бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Жер кодексин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы №301 токтомун жана жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча типтүү жоболорду жетекчиликке алып, жайыттарды сарамжалдуу пайдаланууну, алардын абалын жакшыртууну, жайыт инфраструктурасын өнүктүрүүнү жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2026-жылга карата жайыттарды пайдалануу боюнча иш-чаралар планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Гавриловка айыл өкмөтүнө:
- бекитилген иш-чаралар планын өз убагында аткарууну уюштурсун;
- жайыттарды пайдаланууну жылдык планга ылайык жүргүзүүнү камсыз кылсын;
- жайыттарды жакшыртуу, сугат булактарын, мал айдоо жолдорун жана көпүрөлөрдү оңдоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырсын;
- жайыттарды пайдалануу үчүн түшкөн каражаттарды мыйзамдарда белгиленген тартипте максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.
3. Ветеринардык кызмат, тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте малдын эпизоотиялык коопсуздугун камсыз кылуу, эмдөө жана алдын алуу иш-чараларын жүргүзсүн.
4.Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Гавриловка айылдык аймагынын МИ көрктөндүрүү комбинатынын башчысы Шамуза Рашид Мухамеевичке жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
2026-жылдын 24-августундагы https://www.gavrilovka.gov.kg/ky/document_more/?id=130 расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Б.М.Мамыркулов |