Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 30-июну № 14/110
Трансформацияланган 7,0 га үлүштүк сугат айдоо жерлеринин ордуна
7,0 га кайракы жерди сугат айдоо жерлери категориясына өткөрүү
өздөштүрүүнү бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексин, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамын, ошондой эле ОсОО «Basis-M» тарабынан берилген кайрылууну карап чыгып, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ОсОО «Basis-M» тарабынан өндүрүштүк объекттерди куруу үчүн жеке менчикте жайгашкан 4,0 (төрт) гектар кайрак жер тилкесин айыл чарба багытындагы жерлердин курамынан башка категорияга трансформациялоого макулдук берилсин.
2. Трансформациянын ордун толтуруу максатында Гавриловка айыл аймагынын жер фондунан 4,0 (төрт) гектар тең аянттагы жер тилкеси ОсОО «Basis-M» тарабынан өздөштүрүү үчүн бөлүнүп берилсин.
3. Бөлүнгөн жер тилкеси 7 контурунан аныкталсын.
4. ОсОО «Basis-M» бөлүнгөн жер тилкесин өз каражатынын эсебинен бир жылдын ичинде сугат айдоо жерине айландырууга милдеттендирилсин.
5. Гавриловка айыл өкмөтүнө ОсОО «Basis-M» менен тиешелүү келишим түзүү жана бул токтомду мыйзамдарга ылайык аткаруу тапшырылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гавриловка айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
2026-жылдын 24-августундагы https://www.gavrilovka.gov.kg/ky/document_more/?id=132 расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Б.М.Мамыркулов |
(Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде макулдашуу кагаз түрүндөгү көчүрмөсү)