Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 30-июну № 14/112
Айылдын аймагында жайгашкан муниципалдык жайыт жерлерин
ижарага бербөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Жер кодексин, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамын, ошондой эле муниципалдык менчикти натыйжалуу башкаруу жана айылдын жашоочуларынын жалпы кызыкчылыктарын камсыз кылуу максатында, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гавриловка айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган, айылдын аймагында жайгашкан жайыт жерлери жеке жана юридикалык жактарга ижарага берилбесин.
2. Аталган муниципалдык жайыт жерлери айылдын тургундарынын жалпы пайдалануусу үчүн сакталсын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдаланылсын.
3. Гавриловка айыл өкмөтүнө:
- ушул токтомдун талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу;
-муниципалдык жайыт жерлери боюнча жаңы ижара келишимдерин түзүүгө жол бербөө;
-зарыл болгон учурда муниципалдык жайыттарды пайдалануу тартиби боюнча сунуштарды айылдык кеңешке киргизүү тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гавриловка айыл өкмөтүнүн жер адисине жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2026-жылдын 24-августундагы https://www.gavrilovka.gov.kg/ky/document_more/?id=134 расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Б.М.Мамыркулов |