Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 30-июну № 14/113
Трансформацияланган 4,0 га үлүштүк сугат айдоо жерлеринин
ордуна 4,0 га кайракы жерди сугат айдоо жерлери категориясына
өткөрүү өздөштүрүүнү бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексин, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамын, ошондой эле А.И Жунусовдун тарабынан берилген кайрылууну карап чыгып, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.И Жунусовдун тарабынан өндүрүштүк объекттерди куруу үчүн жеке менчикте жайгашкан 3,3 (үч) гектар кайрак жер тилкесин айыл чарба багытындагы жерлердин курамынан башка категорияга трансформациялоого макулдук берилсин.
2. Трансформациянын ордун толтуруу максатында Гавриловка айыл аймагынын жер фондунан 3,3 (үч) гектар тең аянттагы жер тилкеси А.И Жунусовдун тарабынан өздөштүрүү үчүн бөлүнүп берилсин.
3. Бөлүнгөн жер тилкеси 7 контурунан аныкталсын.
4. А.И Жунусовго бөлүнгөн жер тилкесин өз каражатынын эсебинен бир жылдын ичинде сугат айдоо жерине айландырууга милдеттендирилсин.
5. Гавриловка айыл өкмөтүнө А.И Жунусов менен тиешелүү келишим түзүү жана бул токтомду мыйзамдарга ылайык аткаруу тапшырылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гавриловка айыл өкмөтүнүн жер адисине жүктөлсүн.
2026-жылдын 24-августундагы https://www.gavrilovka.gov.kg/ky/document_more/?id=135 расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Б.М.Мамыркулов |