Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 30-июну № 14/114
Романовка айылынын Фрунзе (номерсиз) көчөсүндө жайгашкан жер
тилкесине аукцион өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Жер кодексин, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (Министрлер Кабинети) тарабынан бекитилген мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги жер тилкелерине укуктарды аукцион аркылуу берүү тартибин жетекчиликке алып, муниципалдык менчиктеги жерди натыйжалуу пайдалануу жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Романовка айылынын Фрунзе (номерсиз) көчөсүндө жайгашкан муниципалдык менчиктеги жер тилкесине укукту ачык аукцион аркылуу сатууга (же ижарага берүүгө) макулдук берилсин.
2. Аукционго коюлуучу жер тилкесинин:
-жеринин аянты –100м
-кадастрдык номери –7-06-1001-0347;
-максаттуу багыты – пайда табууга багытталган;
-дареги – Романовка айылы, Фрунзе көчөсү (номерсиз) болуп белгиленсин.
3. Гавриловка айыл өкмөтүнө:
-жер тилкесинин көз карандысыз баалоосун жүргүзүү;
-баштапкы бааны мыйзам талаптарына ылайык аныктоо;
-аукцион өткөрүүнү уюштуруу;
-аукцион жөнүндө маалыматты мыйзамдарда белгиленген тартипте жалпыга маалымдоо каражаттарына жана тиешелүү сайттарга жарыялоо;
- аукциондун жыйынтыгы боюнча жеңүүчү менен мыйзамга ылайык келишим түзүү тапшырылсын.
4. Аукцион Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын жана Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген мамлекеттик жана муниципалдык жерлерге укуктарды берүү тартибинин талаптарына ылайык өткөрүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысына жана айыл өкмөттүн жер маселелери боюнча адисине жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
2026-жылдын 24-августундагы https://www.gavrilovka.gov.kg/ky/document_more/?id=136 расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Б.М.Мамыркулов |