Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 30-июну № 14/116
Жаңгарач айылына 100 орундуу жатакана куруу боюнча Жаңгарач
айылынын башчысынын кайрылуусун кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Жер кодексин, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Мыйзамын, ошондой эле социалдык инфраструктураны өнүктүрүү максатында Жаңгарач айылынын башчысынын Жаңгарач айылына 100 орундуу жатакана куруу боюнча кайрылуусун карап чыгып, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңгарач айылынын башчысынын Жаңгарач айылына 100 орундуу жатакана куруу боюнча кайрылуусу жактырылсын.
2. Гавриловка айыл өкмөтүнө мыйзамда белгиленген тартипте:
-жатакана куруу үчүн ылайыктуу жер тилкесин аныктоо;
-курулуш объектисин жайгаштыруу боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашуу иштерин жүргүзүү;
-жер тилкесин берүү жана курулушка уруксат берүү боюнча документтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даярдоо тапшырылсын.
3. Долбоорду ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттин, жергиликтүү бюджеттин, гранттык жана башка мыйзамда тыюу салынбаган каржылоо булактарын тартуу боюнча иштер жүргүзүлсүн.
4. Айыл өкмөтү долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты айылдык кеңешке белгиленген тартипте берип турсун.
5. Ушул токтомдун көзөмөлдөө Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, айыл чарба, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясыны жүктөлсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы, жана жер адисине жүктөлсүн.
2026-жылдын 24-августундагы https://www.gavrilovka.gov.kg/ky/document_more/?id=138 расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Б.М.Мамыркулов |