Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 23-июлу № 15/117
Жангарач айылындагы 20,0 гектар жер тилкесинин башкы планын
бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, шаар куруу жана архитектура жаатындагы мыйзамдарына ылайык, калктуу конуштун аймагын комплекстүү өнүктүрүү, жерлерди натыйжалуу пайдалануу жана инженердик инфраструктураны пландаштыруу максатында, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жангарач айылындагы жалпы аянты 20,0 (жыйырма бүтүн ондон нөл) гектар болгон жер тилкесинин башкы планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бекитилген башкы план ушул аймакта курулуш иштерин жүргүзүүдө, жер тилкелерин пайдаланууда жана инженердик-коммуникациялык тармактарды жайгаштырууда негизги шаар куруу документи болуп эсептелсин.
3. Гавриловка айыл өкмөтүнө:
-башкы пландын талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу;
-тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте мыйзамдарга ылайык андан аркы иш-чараларды жүргүзүү;
-башкы пландын негизинде жер пайдалануу жана курулуш иштерин уюштуруу тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гавриловка айылдык кеңешинин жер, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2026-жылдын 25-августундагы https://www.gavrilovka.gov.kg/ky/document_more/?id=139 расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Б.М. Мамыркулов |