Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 23-июлу № 15/119
Айылдык кеңештин сессияларынын протоколдорун мамлекеттик тилде
жазуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 13-беренесин, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында мамлекеттик тилди колдонуу боюнча талаптарды жетекчиликке алып, мамлекеттик тилдин макамын чыңдоо, анын толук кандуу колдонулушун камсыз кылуу максатында Гавриловка айылдык кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гавриловка айылдык кеңешинин кезектеги жана кезексиз сессиялары мамлекеттик тилде – кыргыз тилинде өткөрүлсүн.
2. Айылдык кеңештин сессияларына даярдалуучу күн тартиби, токтомдордун долбоорлору, протоколдор жана башка расмий документтер мамлекеттик тилде жүргүзүлсүн.
3. Зарыл болгон учурларда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык расмий тилде котормо камсыз кылынсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гавриловка айылдык кеңешинин төрагасына жүктөлсүн.
5. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2026-жылдын 25-августундагы https://www.gavrilovka.gov.kg/ky/document_more/?id=141 расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Б.М. Мелисбекович |