Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 23-июлу № 15/124
Жайыттарды башка максаттарга пайдаланууга (ижарага) берүүнүн
тарифтерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, жайыттарды пайдаланууну жөнгө салган мыйзамдарына, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык, жайыт жерлерин натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гавриловка айыл аймагындагы жайыттарды мыйзамдарда уруксат берилген учурларда башка максаттарга убактылуу пайдаланууга (ижарага) берүүнүн тарифтери ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Жайыттарды башка максаттарга пайдаланууга берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келишимдин негизинде жүргүзүлсүн.
3. Ижара акысынын өз убагында жана толук көлөмдө жергиликтүү бюджетке түшүүсүн камсыз кылуу Гавриловка айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гавриловка айылдык кеңешинин жер, агрардык маселелер, архитектура жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2026-жылдын 25-августундагы https://www.gavrilovka.gov.kg/ky/document_more/?id=146 расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Б.М. Мамыркулов |