Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 23-июлу № 15/126
Шалта айылынын көрүстөнүн кеңейтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Шалта айылынын тургундарынын көрүстөн үчүн кошумча жер аянтына болгон муктаждыгын эске алып, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шалта айылынын көрүстөнүн кеңейтүү үчүн кошумча жер аянтын бөлүп берүү зарыл деп табылсын.
2. Көрүстөндү кеңейтүү үчүн сунушталган жер тилкесинин чек араларын белгилөө жана тиешелүү жерге жайгаштыруу документтерин даярдоо айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Жер тилкесин бөлүп берүү жана анын категориясын өзгөртүү (зарыл болгон учурда) Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жүргүзүлсүн.
4. Санитардык, экологиялык жана шаар куруу талаптарынын сакталышы камсыз кылынсун.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
6. Бул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
2026-жылдын 25-августундагы https://www.gavrilovka.gov.kg/ky/document_more/?id=148 расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Б.М. Мамыркулов |