Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН
БУЙРУГУ
2026-жылдын 28-августу № 168-Б
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин бекитүү жөнүндө
Коррупциялык тобокелдиктерди жоюу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 232 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктерди табуу, баалоо жана башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 253 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө жобонун 17-пунктун жетекчиликке алуу менен буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча 2025–2030-жылдарга мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча жумушчу топ (2025–2027-жылдардын орто мөөнөттүү мезгилинде I этап үчүн) эки жумалык мөөнөттө:
1) ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Тизмек боюнча мониторинг жүргүзсүн;
2) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин системасында коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу планынын долбоорун иштеп чыксын жана бекитүүгө киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин түзүмдүк, ведомстволук, региондор аралык жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери аныкталган коррупциялык тобокелдиктерди жоюу жана минималдаштыруу боюнча зарыл иш-чараларды туруктуу негизде жүргүзсүн.
4. Финансылык коопсуздук башкармалыгы:
1) бул буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйрукту “Эркин-Тоо” гезитине мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыяласын.
2) ушул буйрук жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде кагаз жана электрондук түрдө, жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберсин;
3) ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберсин.
5. Басма сөз кызматы бул буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде аны Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин веб-сайтына жарыялоону камсыз кылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2024-жылдын 1-февралындагы № 2-Б “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги болгон учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин бекитүү жөнүндө” буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
7. Иш кагаздарын жүргүзүү жана аткарууну контролдоо бөлүмү ушул буйрукту түзүмдүк, ведомстволук, региондор аралык жана аймактык бөлүмдөргө билдирсин.
8. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин биринчи орун басарына жүктөлсүн.
9. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Министр |
| Р.М. Суйналиев |