Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 14-августу № 542
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 31-майындагы № 302 «Бирдиктүү казыналык эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө» токтомуна
өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 105-беренесинин 8-бөлүгүнүн 3-пунктунун «з» пунктчасына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-майындагы № 302 «Бирдиктүү казыналык эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бирдиктүү казыналык эсеп системасындагы атайын эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө жободо:
– 14-пункт «мекемелерден» деген сөздөн кийин «жана/же уюмдардан» деген сөздөр менен толукталсын;
– жогоруда аталган Жобонун тиркемесинде:
1-глава төмөнкүдөй мазмундагы 132-пункт менен толукталсын:
132 | ТКМдин ведомстволук мекемелеринин жана уюмдарынын борбордук аппаратка чегерүүлөрү | ТКМ | ТКМдин ведомстволук мекемелеринин жана уюмдарынын кирешелери |
2-глава төмөнкүдөй мазмундагы 203-пункт менен толукталсын:
203 | Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоо мамлекеттик системасында мобилдик түзүлүштөрдү каттоо үчүн төлөмдөрдөн түшүүлөр | УКМК |
|
24-пункт ««Кабар» КУМА» деген сөздөрдөн кийин «, ИИМ» деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 75-80-пункттар менен толукталсын:
75 | Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасын пайдалануу аркылуу акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр | УКМК |
|
76 | Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү үчүн жыйымдар | ТКМ, Транспорт департаменти | Транспорт департаменти-нин жана ведомстволук мекемелердин кирешелери |
77 | Транспорт каражаттарын таразага тартуу жана максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин өлчөө үчүн жыйымдар | ТКМ, Транспорт департаменти | Транспорт департаменти- нин жана ведомстволук мекемелердин кирешелери |
78 | Оор салмактуу жана ири габариттүү жүктөрдү ташууларды жүзөгө ашырган транспорт каражаттары автомобиль жолдоруна келтирген залалдын жана зыяндын ордун толтуруу эсебине түшкөн акча каражаттары | ТКМ, Транспорт департаменти | Транспорт департаменти- нин жана ведомстволук мекемелердин кирешелери |
79 | Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун бөлүнгөн тилкесинде жана жол жээгиндеги тилкесинде жайгашкан жер участокторун ижарага берүүдөн түшкөн төлөм | ТКМ, Жол чарба департаменти | Жол чарба департаменти-нин жана ведомстволук мекемелердин кирешелери |
80 | Сууну үнөмдөөчү сугат системаларын колдонуу менен өстүрүлгөн продукцияны сатуудан алынган кирешенин 20 пайызынан кем эмес өлчөмдө суу пайдалануучулардан түшүүлөр | СРК |
|