Загрузка документа…
ОРТО-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-июну № 55
Муниципалдык менчиктеги 1 –иреттеги ички чарбалык каналдарды жана суу сактагычтарды Панфилов райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрединдеги № 207 “Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө” токтомуна, Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы № 37 “ Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө “ Мыйзамынын 10 беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “ Мыйзамынын 36, 39 - беренесине ылайык Орто-Кайыңды айылдык кеңеши токтом кылат :
1.Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган 1-иреттеги ички чарбалык каналдарды жана суу сактагытарды тизмеге ылайык Панфилов райондук Суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин ;
1)” Восточный ” каналы узундугу 3,46 км, өткөрүү жөндөмдүлүгү 1,1 м3/с , тейлөө аянты 100 га.
2) “ Западный “ каналы узундугу 6,9 км, өткөрүү жөндөмдүлүгү 1,0 м3/с, тейлөө аянты 299 га.
3) “ Сартала” каналы узундугу 7,0 км, өткөрүү жөндөмдүлүгү 0,5 м3/с, тейлөө аянты 105 га. 4) “ Таш Мазар “ каналы узундугу 12,24 км, өткөрүү жөндөмдүлүгү 0,5 м3/с, тейлөө аянты 713 га.
5) “ Каптал-2 “ каналы узундугу 6,6 км , өткөрүү жөндөмдүлүгү 0,8 м3/с, тейлөө аянты 310 га.
6 ) “Бердыгүл” каналы узундугу 3,4 км, өткөрүү жөндөмдүлүгү 0,5 м3/с, тейлөө аянты 200 га.
Жалпы тейлөө аянты -1727 га, узундугу 39,6 км.
7 ) БСР “ Металлист” пайдалуу көлөмү W = 0,0086 т.м3, тейлөө аянты 26 га.
8) БДР “ Металлист”пайдалуу көлөмү W = 0,0086 т.м3, тейлөө аянты 110 га.
Жалпы ; Пайдалуу көлөмү W =0,0172 т.м3,тейлөө аянты 136 га
2.Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнө мамлекеттик менчикке өткөрүп берилүүчү муниципалдык менчик объекттерин тизмеге ылайык белгиленген тартипте өткөрүп берүү милдеттендирилсин .
3. Ушул токтом каттого алынсын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик - укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министирлигине жөнөтүлсүн.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Э. Баязовага жана айылдык кеңештин бюджет, каржы , экономика, салык жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| К.М. Мырзагелдиев |