Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 4-сентябры № 313
Кыргыз Республикасынын мөңгүлөрүн жана
Ысык-Көлдүн экосистемасын сактоону
камсыз кылуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө
Айлана-чөйрөнү коргоо, суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында, мөңгүлөрдүн суу ресурстарынын негизги булагы катары стратегиялык маанисин, улуттук жана дүйнөлүк маанидеги объект болуп саналган Ысык-Көлдүн экосистемасын сактоонун зарылдыгын көңүлгө алып, «Ысык-Көл экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңештин Кыргыз Республикасынын мөңгүлөрүн жана Ысык-Көлдү коргоо жана сактоо боюнча фондду (мындан ары – Фонд) түзүү жөнүндө демилгеси колдоого алынсын.
2. Фондду түзүүнүн негизги максаттары болуп төмөнкүлөр аныкталсын:
1) Кыргыз Республикасынын мөңгүлөрдү сактоо, суу ресурстарын жана Ысык-Көлдүн экосистемасын коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатын ишке ашыруу үчүн финансы ресурстарын тартуунун туруктуу эл аралык механизмин түзүү;
2) эл аралык уюмдардын, чет мамлекеттердин, климаттык фонддордун, финансылык институттардын, донордук уюмдардын жана башка өнөктөштөрдүн финансылык ресурстарын тартуу жана топтоо;
3) суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана коргоо, сууну үнөмдөөчү технологияларды киргизүү, суу ресурстарына мониторинг жүргүзүү, эсепке алуу жана мөңгүлөрдүн деградациясына жана климаттын өзгөрүшүнө байланышкан өзгөчө кырдаалдардын эрте алдын алуу системасын өнүктүрүү чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу долбоорлорду каржылоону камсыз кылуу;
4) климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, мөңгүлөрдүн деградациясын төмөндөтүү, өзгөчө кырдаалдардын тобокелдиктерин азайтуу жана тоо жана суу экосистемаларынын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүү;
5) мөңгүлөрдү коргоо, климаттын өзгөрүшү жана суу ресурстарын туруктуу башкаруу чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын демилгелерин илгерилетүү.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2026-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө:
1) Фонддун уюштуруу-укуктук формасы боюнча сунуштарды иштеп чыксын жана киргизсин;
2) Фондду түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартибин, анын ичинде башкаруу системасын, долбоорлорду тандоо жана каржылоо механизмдерин, ошондой эле ачык-айкындуулукка, отчеттуулукка жана аудитке карата талаптарды аныктасын;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ушул Жарлыктан келип чыгуучу чечимдеринин зарыл болгон долбоорлорун даярдасын жана белгиленген тартипте киргизсин;