Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 5-июну № 28
Кара-Балта шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
«Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренесине ылайык, Р.Мурадыловдун 2025-жылдын 29-майындагы № М-7 катынын негизинде, Кара-Балта шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кожомбердиев көчөсүн бойлой, чыгыш тарабындагы, «Береке» базарынын ылдый жагындагы (токтотуучу жайдын боюнда) резервтик канализация тармагын Кара-Балта шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү.
2. Кара-Балта шаарынын мэриясы бул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө регламент, депутаттык этика жана укуктук маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри М.Р.Джекшеновго тапшырылсын.
___________________
Таркатылсын: көктөмөгө, Кара – Балта ш.мэриясына, КР ЮМга.
Кеңештин төрагасы | М. Дуйшеналиев |