Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мин-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин I-чакырылышы
2026-жылдын 9-февралы № 120
2026-жылга жайыттарды пайдалануу үчүн жыйымдын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21 жана 78-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2024-жылдын 15-майындагы № 04-13/152 буйругу менен бекитилген Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планын иштеп чыгуу тартиби жөнүндө типтүү жобого жана жайыттарды жылдык пайдалануу планына ылайык, жайыт жерлерин рационалдуу пайдалануу, аларды кармоо жана өнүктүрүү үчүн каражаттарды түзүү максатында, Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жайыттарды пайдалануу үчүн төмөнкү жыйым өлчөмдөрү бекитилсин:
1.1. Мал жаюу үчүн (1 баш малга жылына):
• Ири мүйүздүү мал (уй, бука, өгүз) — 150 (жүз элүү) сом;
• Ири мүйүздүү малдын төлү — 100 (жүз) сом;
• Жылкы — 150 (жүз элүү) сом;
• Майда мүйүздүү мал (кой, эчки) — 60 (алтымыш) сом;
• Як — 150 (жүз элүү) сом;
• Төө — 150 (жүз элүү) сом.
1.2. Мал жаюуга байланышпаган максаттар үчүн жайыттарды пайдалануу:
• Чөп чабуу — 1 гектар үчүн 1500 (бир миң беш жүз) сом;
• Эс алуу аймагын уюштуруу, кымыз менен дарылоо, туристтик маршрут уюштуруу — 1 гектар үчүн 4000 (төрт миң) сом.
2. Айыл өкмөтүнө жана муниципалдык ишкананын жайыт боюнча адисине ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу тапшырылсын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, финансы, инвестициялар жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага |
| Г. Булазова |