Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-августундагы № 545 токтомуна)
Облустук билим берүү институттарынын
типтүү штаттары
№ | Кызмат орундун аталыштары | Угуучуларга жараша штаттык бирдиктердин саны | |||
1000ге чейин | 1000ден 1500гө чейин | 1500дөн 2000ге чейин | 2000ден жогору | ||
1 | Директор | 1 | 1 | 1 | 1 |
2 | Директордун окуу иштери боюнча орун басары | 1 | 1 | 1 | 1 |
3 | Директордун административдик-чарбалык иштер боюнча орун басары | 1 | 1 | 1 | 1 |
4 | Катчы | 1 | 1 | 1 | 1 |
6 | Башкы бухгалтер | 1 | 1 | 1 | 1 |
7 | Бухгалтер | 0,5 | 0,75 | 1 | 1 |
8 | Китепканачы | 0,5 | 0,5 | 0,75 | 1 |
9 | Методист | 1,5 | 1,5 | 1,75 | 2 |
10 | Башкы адис | 1 | 1 | 2 | 2 |
11 | Жетектөөчү адис | 1 | 1 | 1 | 2 |
12 | Адис | 1 | 1 | 1 | 2 |
Бардыгы: | 10,5 | 10,75 | 12,5 | 15 | |
Эскертүү:
1. Программисттин 1 бирдиги киргизилет, ага бир эле учурда компьютерлерди оңдоо боюнча функциялар жүктөлөт.
2. Электрондук китепкана болгон учурда инженер-программисттин 1 бирдиги киргизилет.
3. Автомобиль айдоочусунун кызмат орду толук жүктөм менен иштеген ар бир автомобиль үчүн 1 бирдик эсебинде, бирок уюмга 2 бирдиктен ашык эмес белгиленет.
4. Кызматтык жайларды тазалоочунун кызмат орду тазалануучу ар бир 500 квадрат метрге 1 бирдик эсебинде киргизилет.
5. Коомдук дааратканаларды тазалоочунун кызмат орду ар бир 15 түйүнгө 1 бирдик эсебинде, бирок уюмга 1 бирдиктен кем эмес киргизилет.
6. Кийим илгич кызмат орду жылытуу мезгилине карата гардеробдогу ар бир 250 номерге 1 бирдик эсебинде, бирок нөөмөтүнө 1 бирдиктен кем эмес белгиленет.
7. Короо тазалоочунун кызмат орду тазалануучу ар бир 0,75 гектар аянтка 1 бирдик эсебинде, бирок уюмга 1 бирдиктен кем эмес киргизилет.
8. Имараттын (окуу корпусунун, жатакананын) комендантынын кызмат орду 1 бирдик өлчөмүндө белгиленет.
9. Окуу корпусуна жана жатаканага имараттарды, курулмаларды жана жабдууларды учурдагы тейлөө боюнча жумушчунун 1 бирдиги, бирок уюмга 1 бирдиктен кем эмес киргизилет.
10. Өз алдынча борбордук жылытуу системасы болгон учурда, жылытуу мезгилине ар бир откана үчүн нөөмөтүнө 1 бирдик эсебинде от жагуучунун кызмат орду белгиленет.