Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 13-августу № 545
Облустук билим берүү институттарынын жана билим берүүнү өнүктүрүү борборлорунун типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө
Педагогикалык кызматкерлердин үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүү системасын өркүндөтүү максатында, «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12, 18, 35 жана 46-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) облустук билим берүү институттарынын типтүү штаттары 1-тиркемеге ылайык;
2) билим берүүнү өнүктүрүү борборлорунун типтүү штаттары 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги:
1) төмөнкүлөрдү кайра уюштурсун:
– облустук билим берүү институттарына өзгөртүп түзүү жолу менен облустук методикалык билим берүү борборлорун (Талас, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Чүй облустарында) жана билим берүү институттарын (Ош билим берүү институту, Ысык-Көл облустук билим берүү институту);
– билим берүүнү өнүктүрүү борборлоруна өзгөртүп түзүү жолу менен райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнүн (башкармалыктарынын) алдындагы окуу-методикалык кабинеттерди;
2) бул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. Бул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин ведомстволук мекемелеринин штаттык санынын жана тиешелүү жылдарга каралган каражаттарынын чегинде жүргүзүлөт деп белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 6-сентябрындагы № 485 «Билим берүүнүн райондук (шаардык) бөлүмдөрүнүн (башкармалыктарынын) алдындагы окуу-методикалык кабинеттердин типтик штаттарын бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 391 «Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.