Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 8-июлу № 468
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 «Кыргыз Республикасынын
аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз
Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын
ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык
санынын чеги жөнүндө» токтомуна
өзгөртүү киргизүү тууралуу
Коргоо, улуттук коопсуздук, күзөт жана укуктук тартип, мамлекеттик чек араны кайтаруу, ошондой эле жазаларды аткаруу жана конвой менен коштоп жүрүү маселелерин тескеген мамлекеттик органдардын персоналын башкаруу системасын өркүндөтүү жана штаттык түзүмүн оптималдаштыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 «Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 4-тиркемесинде:
‒ эскертүү төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
«5. Мамлекеттик кызмат орундарынын ченемдик түзүмү Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын, Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн эркин жалданма жана жарандык персоналына карата жайылтылбайт.».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 51 (3811) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |