Редакцияот 19.08.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 19-августу № 561

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы № 752 «Сезондук жумуштардын тизмегин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

«Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы № 752 «Сезондук жумуштардын тизмегин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Сезондук жумуштардын тизмегинде:

– 1-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«1) жазгы-талаа жумуштары (минералдык жана органикалык жер семирткичтерди себүү, кыртышты даярдоо, айыл чарба өсүмдүктөрүн жазгы айдап-себүү, айыл чарба өсүмдүктөрүн сугаруу, айыл чарба өсүмдүктөрүн зыянкечтерге, илдеттерге жана отоо чөптөрүнө каршы химиялык жана биологиялык иштетүүлөрдү жүргүзүү);».

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 21-августундагы № 63 (3823) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев