Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СУУ РЕСУРСТАРЫ, АЙЫЛ ЧАРБА ЖАНА КАЙРА ИШТЕТҮҮ ӨНӨР ЖАЙЫ МИНИСТРЛИГИНИН
БУЙРУГУ
2026-жылдын 21-августу № 05/2-17/249
Кыргыз Республикасынын айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жогорку сапаттагы сертификатталган үрөндөрү менен камсыздоодо үрөн чарбаларынын, мамлекеттик сорт сыноо станцияларынын жана мамлекеттик сорт сыноо участокторунун ролун күчөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө жобонун 14-пунктун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. 2024-2025-жылдардагы иштин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларынын жана мөмө-жемиш питомниктеринин, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин мамлекеттик сорт сыноо станцияларынын жана мамлекеттик сорт сыноо участокторунун тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өсүмдүк өстүрүү жана багбанчылык бөлүмү:
– ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоонун булактары жөнүндө” токтомуна ылайык анын расмий жарыяланышын камсыз кылсын;
– ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде анын көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жана электрондук түрдө, жарыяланган булагы жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн;
– ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде анын көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
3. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басарына жүктөлсүн.
Министрдин милдетин убактылуу аткаруучу, министрдин биринчи орун басары |
|
Илич Марсбек уулу |
ТИЗМЕСИ
№ | Үрөн чарбаларынын аталышы | Адистиги |
Баштапкы үрөнчүлүк укугуна ээ болгон үрөнчүлүк чарбалары | ||
Ош облусу | ||
1 | «Кыргыз айыл чарба илимий-өндүрүштүк бирикмеси» мамлекеттик ишканасынын «Пахтачылык боюнча Кыргыз тажрыйба станциясы» филиалы, Кара-Суу району | Кылкандуу дан өсүмдүктөрү, пахта |
2 | “Тамеки” айыл чарба илимий-өндүрүштүк кооперативи, Өзгөн району | Кылкандуу дан өсүмдүктөрү, тамеки |
Чүй облусу | ||
3 | Сокулук районундагы Кыргыз айыл чарба илим-изилдөө институтунун алдындагы “Кыргыз айыл чарбасы боюнча илимий-өндүрүштүк бирикмеси”, Сокулук району | Кылкандуу дан өсүмдүктөрү, кант кызылчасы |
4 | “Ростик” үрөнчүлүк дыйкан чарбасы, Сокулук району | Кылкандуу дан өсүмдүктөрү, көп жылдык чөптөр |
5 | “Эл-Дан-Аталык” агроөнөр жай комплекси жоопкерчилиги чектелген коому, Ысык-Ата району | Кылкандуу дан өсүмдүктөрү, көп жылдык чөптөр, гибрид жүгөрү, жүзүм |
6 | “Таза Жан Агро” коммерциялык кооперативи айыл чарба кооперативи, Ысык-Ата району | Кылкандуу дан жана чанактуу өсүмдүктөрү, жүгөрү |
Элита жана биринчи репродукциядагы үрөндөрдү өстүрүү жана сатуу укугуна ээ болгон биринчи топтогу үрөн чарбалар | ||
Ысык-Көл облусу | ||
7 | “Заря” айыл чарба үрөнчүлүк кооперативи” коммерциялык кооперативи, Ак-Суу району | Дан, чанактуу жана май өсүмдүктөрү, картошка, көп жылдык чөптөр |
8 | “Элдияр” үрөнчүлүк дыйкан чарбасы, Түп району | Кылкандуу дан өсүмдүктөрү, көп жылдык чөптөр |
9 | “Победитель” дыйкан үрөнчүлүк чарбасы, Түп району | Кылкандуу дан өсүмдүктөрү, көп жылдык чөптөр |
Ош облусу | ||
10 | “Төрөгелди” кара беде үрөнүн өстүрүү боюнча коммерциялык эмес кооперативи, Кара-Суу району | Көп жылдык чөптөр, кылкандуу дан өсүмдүктөрү |
11 | “Ак-Алтын” айыл чарба үрөнчүлүк кооперативи, Кара-Суу району | Пахта, кылкандуу дан өсүмдүктөрү |
12 | “Оомат-Агро” айыл чарба өндүрүштүк үрөнчүлүк кооперативи, Кара-Суу району | Кылкандуу дан өсүмдүктөрү, пахта |
13 | Таширов атындагы өндүрүштүк үрөнчүлүк кооперативи, Кара-Суу району | Кылкандуу дан өсүмдүктөрү, пахта, май өсүмдүктөрү |
14 | “Кыргызстан-Дюбек” илимий өндүрүш үрөнчүлүк кооперативи, Өзгөн району | Тамеки |
Нарын облусу | ||
15 | “Чынар Т.Ж.Э.” айыл чарба үрөнчүлүк кооперативи, Жумгал району | Кылкандуу дан өсүмдүктөрү |
16 | “Бакыт – Дос” көп тармактуу айыл чарба өндүрүштүк кооперативи, Жумгал району | Кылкандуу дан өсүмдүктөрү, эспарцет |
17 | “Курманбек-Ата” айыл чарба өндүрүштүк кооперативи Нарын району | Картошка |
Талас облусу | ||
18 | “Жетиген 777” үрөнчүлүк айыл чарба коммерциялык кооперативи, Кара-Буура району | Кылкандуу дан өсүмдүктөрү, май өсүмдүктөрү |
19 | “Ак-Дан” үрөнчүлүк чарбасы, Манас району | Дан, чанактуу жана май өсүмдүктөрү |
Чүй облусу | ||
20 | “Жума” дыйкан-фермердик үрөн чарбасы, Аламүдүн району | Кылкандуу дан өсүмдүктөрү, көп жылдык чөптөр |
21 | “Кирби” үрөнчүлүк чарбасы, Аламүдүн району | Кылкандуу дан өсүмдүктөрү, көп жылдык чөптөр, картошка |
22 | “Заветы Ильича” айыл чарба кооперативи, Москва району | Кылкандуу дан өсүмдүктөрү, көп жылдык чөптөр |
23 | “КОСС” айыл чарба кооперативи, Сокулук району | Дан өсүмдүктөрү, жүгөрү, май өсүмдүктөрү, көп жылдык чөптөр жана жашылчалар |
24 | “Алмаз” дыйкан-фермердик чарбасы, Сокулук району | Кылкандуу дан өсүмдүктөрү, көп жылдык чөптөр |
25 | “Жайыл” айыл чарба өндүрүш кооперативи, Жайыл району | Кылкандуу дан жана май өсүмдүктөрү, , көп жылдык чөптөр |
26 | “Раимбек” дыйкан чарбасы, Жайыл району | Кылкандуу дан өсүмдүктөрү, беде, май жана жашылча өсүмдүктөрү |
27 | “СХПК Агрофирма Багышан” жоопкерчилиги чектелген коому, Жайыл району | Кылкандуу дан өсүмдүктөрү |
28 | “Тазажан” дыйкан чарбасы, Ысык-Ата району | Кылкандуу дан жана чанактуу өсүмдүктөрү, жүгөрү, көп жылдык чөптөр |
29 | “МИС ачык акционердик коому” айыл чарба кооперативи, Ысык-Ата району | Кылкандуу дан өсүмдүктөрү, жүгөрү |
Биринчи жана экинчи репродукциядагы үрөндөрдү өстүрүү жана сатуу укугуна ээ болгон экинчи топтогу үрөн чарбалар | ||
Баткен облусу | ||
30 | “Кызыл-Дан” үрөнчүлүк айыл чарба өндүрүш кооперативи, Баткен району | Кылкандуу дан өсүмдүктөрү, көп жылдык чөптөр |
31 | “Элита” жана “Баткен таяныч пункту” мамлекеттик эксперименталдык үрөнчүлүк станциясы, Кадамжай району | Кылкандуу дан өсүмдүктөрү |
32 | “Бий-КОК” айыл чарба кооперативи, Кадамжай району | Картошка |
33 | “Ай-Кок” айыл чарба кооперативи, Кадамжай району | Картошка |
34 | “Артур” үрөнчүлүк айыл чарба кооперативи, Лейлек району | Кылкандуу дан өсүмдүктөрү, көп жылдык чөптөр |
35 | “Алтын дан-Кулунду” үрөнчүлүк дыйкан (фермер) чарбасы, Лейлек району | Кылкандуу дан жана май өсүмдүктөрү |
Жалал-Абад облусу | ||
36 | “Ырысбек-ЖМРМ” үрөнчүлүк айыл чарба кооперативи, Аксы району | Пахта, кылкандуу дан өсүмдүктөрү |
37 | “10 лет Кыргызстану” айыл чарба кооперативи, Ала-Бука району | Кылкандуу дан өсүмдүктөрү |
38 | “Саркер-Бий” айыл чарба өндүрүштүк кооперативи, Сузак району | Кылкандуу дан өсүмдүктөрү |
39 | “Таза-Дан” дыйкан-фермердик үрөнчүлүк чарбасы, Сузак району | Кылкандуу дан өсүмдүктөрү |
40 | “Шерикмамат” дыйкан-фермердик үрөнчүлүк чарбасы Сузак району | Кылкандуу дан өсүмдүктөрү |
41 | “Алтын Колос” Айыл чарба өндүрүштүк коммерциялык кооперативи, Сузак району | Кылкандуу дан өсүмдүктөрү |
42 | “Абдыкерим-Агроном” дыйкан чарбасы, Ноокен району | Кылкандуу дан өсүмдүктөрү, пахта, жемиш өсүмдүктөр, көп жылдык чөптөр |
43 | “Камилжан Ажы” асыл-тукум мал өстүрүү өндүрүштүк жана үрөнчүлүк коммерциялык кооперативи, Ноокен району | Пахта |
44 | “Мур-Ашим” үрөнчүлүк айыл чарба кооперативи, Ноокен району | Пахта, көп жылдык чөптөр |
45 | “Атай” үрөнчүлүк чарбасы, Тогуз-Торо району | Кылкандуу дан өсүмдүктөрү, көп жылдык чөптөр |
Ысык-Көл облусу | ||
46 | “Дархан-Баба-Дыйкан” үрөнчүлүк кооперативи, Жети-Өгүз району | Кылкандуу дан өсүмдүктөрү, көп жылдык чөптөр |
47 | “МАКИН” үрөнчүлүк дыйкан чарбасы, Жети-Өгүз району | Кылкандуу дан өсүмдүктөрү, эспарцет, картошка |
48 | “Нур Чодук айыл чарба кооперативи” коммерциялык кооперативи, Жети-Өгүз району | Кылкандуу дан өсүмдүктөрү |
49 | “Мукай” үрөнчүлүк өндүрүштүк сервистик айыл чарба кооперативи, Тоң району | Дан өсүмдүктөрү, көп жылдык чөптөр жана картошка |
50 | “БӨБӨК” үрөнчүлүк чарба, Түп району | Кылкандуу дан өсүмдүктөрү, көп жылдык чөптөр |
51 | “Чоң-Айбаш” дыйкан үрөнчүлүк чарбасы, Түп району | Кылкандуу дан өсүмдүктөрү |
52 | “Картошканы өнүктүрүү борбору” үрөнчүлүк чарбасы, Түп району | Картошка |
Нарын облусу | ||
53 | “Жакаш” үрөнчүлүк кооперативи, Ак-Талаа району | Кылкандуу дан өсүмдүктөрү, көп жылдык чөптөр |
54 | “Абышка” үрөнчүлүк дыйкан чарбасы, Нарын району | Кылкандуу дан өсүмдүктөрү, көп жылдык чөптөр |
55 | “Кален-Дан” дыйкан-фермердик үрөнчүлүк чарбасы, Нарын району | Кылкандуу дан өсүмдүктөрү, көп жылдык чөптөр |
56 | “Тендик-Элдик” айыл чарба кооперативи, Кочкор району | Кылкандуу дан өсүмдүктөрү |
57 | “Тамчы-Суу” айыл чарба кооперативи, Кочкор району | Кылкандуу дан өсүмдүктөрү, көп жылдык чөптөр |
58 | “Чоң-Булак-Кытай” үрөнчүлүк кооперативи, Кочкор району | Кылкандуу дан өсүмдүктөрү, эспарцет |
59 | “Семенной картофель” жоопкерчилиги чектелген коому, Кочкор району | Картошка |
Ош облусу | ||
60 | “Бирлик” үрөнчүлүк айыл чарба кооперативи, Араван району | Кылкандуу дан өсүмдүктөрү, пахта |
61 | “Кара-Кулжа” үрөнчүлүк ассоциациясы, Кара-Кулжа району | Кылкандуу дан өсүмдүктөрү |
62 | “Таиров Гапыр-Үрөн” коммуналдык ишканасы, Кара-Суу району | Кылкандуу дан жана май өсүмдүктөрү, жүгөрү, пахта, көп жылдык чөптөр |
63 | “Курманжан -Датка” үрөнчүлүк айыл чарба кооперативи, Кара-Суу району | Кылкандуу дан өсүмдүктөрү |
64 | “Калы Чаргынов” үрөнчүлүк дыйкан чарбасы, Өзгөн району | Кылкандуу дан өсүмдүктөрү, көп жылдык чөптөр |
65 | “Жар-Башы” айыл чарба кооперативи, Чоң-Алай району | Картошка |
Талас облусу | ||
66 | “Мамбетжан-Ата Агросервис” айыл чарба кооперативи, Манас району | Кылкандуу дан өсүмдүктөрү, көп жылдык чөптөр |
67 | “Беш Кадам Агросервис” үрөнчүлүк айыл чарба кооперативи, Манас району | Кылкандуу дан жана жашылча өсүмдүктөрү |
Чүй облусу | ||
68 | “Чекир-Суу” үрөнчүлүк өндүрүш кооперативи, Москва району | Кылкандуу дан өсүмдүктөрү, көп жылдык чөптөр |
69 | “Эмир” дыйкан чарбасы, Москва району | Кылкандуу дан өсүмдүктөрү, көп жылдык чөптөр |
70 | Энгельс атындагы дыйкан-фермердик чарбасы, Москва району | Кылкандуу дан өсүмдүктөрү, көп жылдык чөптөр |
71 | “Агропромтехэнерго” айыл чарба кооперативи, Сокулук району | Кылкандуу дан өсүмдүктөрү, көп жылдык чөптөр |
72 | “Джеек” жабык акционердик коому, Ысык-Ата району | Кылкандуу дан жана май өсүмдүктөрү, көп жылдык чөптөр |
73 | “Томат KG” дыйкан үрөнчүлүк чарбасы, Ысык-Ата району | Жашылча өсүмдүктөр |
74 | “Мир” дыйкан чарбасы, Панфилов району | Кылкандуу дан жана май өсүмдүктөрү, көп жылдык чөптөр |
75 | “Нур-Чолпон” айыл чарба коммерциялык кооперативи, Панфилов району | Кылкандуу дан өсүмдүктөрү, көп жылдык чөптөр |
76 | “Он Бир Жылга” айыл чарба үрөнчүлүк кооперативи, Чүй району | Кылкандуу дан өсүмдүктөрү |
77 | “Кызыл-Октябрь” айыл чарба кооперативи, Кемин району | Кылкандуу дан өсүмдүктөрү, эспарцет |
78 | “Ала-Тоо” айыл чарба кооперативи, Чүй району | Кылкандуу дан жана май өсүмдүктөрү |
79 | “ГЭЯ” дыйкан үрөнчүлүк чарбасы, Кемин району | Кылкандуу дан өсүмдүктөрү |