Загрузка документа…
| БЕКИТИЛДИ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2026-жылдын «12» августу № 01-23/227 буйругу |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча
мамлекеттик агенттикте коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын
ТИЗМЕГИ
Функциянын түрү: мониторинг, баалоо жана жарандардын кайрылуулары
Функциянын түрү: ченем жаратуу иш-аракети
Функциянын түрү: кызмат көрсөтүү
Функциянын түрү: персоналды башкаруу
Функциянын түрү: финансылык ресурстарды бөлүштүрүү жана пайдалануу
Функциянын түрү: мамлекеттик муктаждыктар үчүн сатып алуулар
№ | Мамлекеттик органдын функциясы (ыйгарым укугу) | Коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлар жана кырдаалдар (коррупциялык тобокелдиктер) | Коррупциялык тобокелдиктин категориясы (системалуу (реалдуу) / потенциалдуу / кырдаалдык) | Коррупциялык тобокелдиктин деңгээли (төмөн / орточо / жогорку) | Түзүмдүк бөлүмдүн аталышы (борбордук аппараттын, аймактык же ведомстволук бөлүмдүн, мекеменин) | Коррупциялык тобокелдикке дуушар болгон кызмат орундары | Коррупциялык тобокелдиктин башка мамлекеттик органдарда / ЖӨБ органдарында пайда болуу ыктымалдыгы (болгон учурда көрсөтүлсүн) |
Функциянын түрү: мониторинг, баалоо жана жарандардын кайрылуулары | |||||||
1 | Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдардын сакталышына мониторинг жүргүзүү, мамлекеттик органдарды жана ЖӨБ органдарын текшерүү | – текшерүүлөрдү пландаштыруу этабында – «керектүү» органды текшерүүлөрдүн планына киргизбөө же текшерүүлөрдүн мезгилдүүлүгүн жеке кызыкчылыкка жараша аныктоо;
| Системалуу (реалдуу) | Жогорку | Мониторинг жана мыйзамдуулукту контролдоо бөлүмү; региондор аралык башкармалыктар
| Бөлүм башчысы, бөлүмдүн кызматкерлери, текшерүү үчүн жооптуу кызматкерлер | Мониторинг жүргүзгөн бардык органдарга мүнөздүү |
– текшерүү жүрүшүндө – аныкталган бузуулардын толук эмес катталышы, сыйакы үчүн актыда алардын квалификациясын же көлөмүн бурмалоо;
| Системалуу (реалдуу) | Жогорку | |||||
– натыйжаларды ишке ашыруу этабында – аныкталган бузуулар боюнча чара көрбөө, көрсөтмөлөрдү киргизүүнү создуктуруу; | Системалуу (реалдуу) | Жогорку | |||||
– текшерилүүчү кызмат адамдары менен формалдуу эмес мамилелерди түзүү. | Системалуу (реалдуу) | Жогорку | |||||
2 | Аймактар аралык башкармалыктарда компьютердик тестирлөөнү өткөрүү тартибине мониторинг жүргүзүү | – мониторингдин көлөмүн аныктоодо – башкармалыктарды тандалма (бир калыпта эмес) камтуу, айрым башкармалыктарды алардын кызматкерлеринин кызыкчылыгында текшерүүдөн чыгаруу; | Системалуу (реалдуу) | Орточо | Тестирлөө бөлүмү; аймактар аралык башкармалыктар | Бөлүм башчысы, мониторинг үчүн жооптуу кызматкерлер | Агенттиктин ишине тиешелүү |
– тестирлөө жол-жобосунун бузуулары аныкталганда – бузууларды жашыруу же толук эмес чагылдыруу, аларды жоюу боюнча чара көрбөө; | Системалуу (реалдуу) | Орточо | |||||
– мониторингдин натыйжаларын ведомстволук башкармалыктарга басым көрсөтүү куралы катары пайдалануу. | Системалуу (реалдуу) | Орточо | |||||
3 | Мамлекеттик органдардын аппарат жетекчилеринин ишине баа берүү | – баа берүү этабында – жеке мамилелерге жараша объективдүү критерийлерден тышкары баалоо көрсөткүчтөрүн жогорулатуу же төмөндөтүү; | Системалуу (реалдуу) | Орточо | Мониторинг жана мыйзамдуулукту контролдоо бөлүмү; Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат бөлүмү | Бөлүм башчылары, бөлүмдөрдүн кызматкерлери | Агенттиктин ишине тиешелүү |
– баа берүүнүн натыйжаларын айрым жетекчилерге басым көрсөтүү же артыкчылык берүү үчүн пайдалануу; | Системалуу (реалдуу) | Орточо | |||||
– кызыкчылыктардын кагылышуусу шартында чечим кабыл алуу. | Системалуу (реалдуу) | Орточо | |||||
4 | Кайрылууларды, арыздарды жана даттанууларды кароо; консультациялык-методикалык жардам көрсөтүү | – кароо этабында – объективдүү эмес кароо же мөөнөттөрдү создуктуруу, айрым кайрылууларды кезексиз кароо;
| Системалуу (реалдуу) | Орточо | Талдоо, пландардын аткарылышын контролдоо жана документтик камсыздоо бөлүмү; Агенттиктин түзүмдүк бөлүмдөрү | Бөлүм башчылары, кызматкерлер | Бардык мамлекеттик органдарга мүнөздүү |
– айрым адамдардын кызыкчылыгында толук эмес (чындыкка дал келбеген) консультацияларды берүү; | Системалуу (реалдуу) | Орточо | |||||
– кайрылууларда камтылган маалыматтардын купуялуулугун бузуу. | Системалуу (реалдуу) | Орточо | |||||
5 | Терс негиздер боюнча бошотулган адамдардын реестрин жүргүзүү | – маалыматтарды киргизүүдө – чындыкка дал келбеген же өз убагында эмес маалыматтарды киргизүү; айрым адамдардын кызыкчылыгында, анын ичинде терс негиздер боюнча бошотулган адамдардын реестринен, жазууларды киргизүү (чыгаруу);
| Системалуу (реалдуу) | Орточо | Мониторинг жана мыйзамдуулукту контролдоо бөлүмү | Бөлүм башчылары, башкы жана жетектөөчү адистер | Агенттиктин ишине тиешелүү |
Мамлекетке, материалдык зыян келтирген мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын маалымат базалары | – жеке жана башка корголуучу маалыматтардын купуялуулугун бузуу. | Системалуу (реалдуу) | Орточо | ||||
Функциянын түрү: ченем жаратуу иш-аракети | |||||||
6 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жана ЖӨБ чөйрөсүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу | – долбоорду иштеп чыгуу этабында – негизсиз кеңири дискрециялык ыйгарым укуктарды, баалоочу же аныкталбаган туюндурмаларды камтыган ченемдерди киргизүү; | Системалуу (реалдуу) | Орточо | Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат бөлүмү; Укуктук камсыздоо бөлүмү | Бөлүм башчылары, долбоорду иштеп чыгуучу кызматкерлер | Ченем жаратууну жүзөгө ашырган бардык мамлекеттик органдарга жайылтылат |
– долбоорго айрым адамдардын же топтордун кызыкчылыгында өзгөчөлүктөрдү жана артыкчылыктарды киргизүү; | Системалуу (реалдуу) | Орточо | |||||
– кызыкдар адамдардын таасири астында долбоордун жоболорун лоббирлөө. | Системалуу (реалдуу) | Орточо | |||||
7 | Агенттиктин компетенциясынын алкагында ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна укуктук экспертиза жүргүзүү | – экспертиза этабында – экспертизаны формалдуу жүргүзүү; | Системалуу (реалдуу) | Орточо | Укуктук камсыздоо бөлүмү; Укуктук экспертиза сектору | Бөлүм (сектор) башчысы, эксперттер | Бардык мамлекеттик органдарга жайылтылат |
– иштеп чыгуучунун кызыкчылыгында атайылап эскертүү жазбоо; | Системалуу (реалдуу) | Орточо | |||||
8 | Административдик кызмат орундарына квалификациялык талаптарды макулдашуу | – макулдашуу этабында – квалификациялык талаптарды «белгилүү бир талапкерге ылайыктап» (ашкере тар же ашыкча жогору) макулдашуу; | Системалуу (реалдуу) | Орточо | Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат бөлүмү | Бөлүм башчысы, кызматкерлер | Бардык мамлекеттик органдарга жана ЖӨБ органдарына жайылтылат |
– белгилүү бир адамды дайындоону жеңилдетүү үчүн талаптарды негизсиз төмөндөтүү. | Системалуу (реалдуу) | Орточо | |||||
9 | Административдик-аймактык түзүлүш маселелери, географиялык аталыштарды тартипке келтирүү; кайра атоо боюнча ВАКтын чечимдеринин долбоорлорун даярдоо | – АТБ эсебин жүргүзүүдө – административдик-аймактык бирдиктердин маалымат базасына чындыкка дал келбеген маалыматтарды киргизүү. | Кырдаалдык | Төмөн | Административдик-аймактык түзүлүш маселелери боюнча бөлүмү | Бөлүм башчысы, кызматкерлер | Агенттиктин ишине тиешелүү |
Функциянын түрү: кызмат көрсөтүү | |||||||
10 | Административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына кадрлар резервине талапкерлердин компьютердик тестирлөөсүн уюштуруу жана өткөрүү | – тестирлөөгө киргизүү этабында – талапкерлерди кезексиз же белгиленген талаптарды айланып өтүү менен каттоо жана киргизүү; | Системалуу (реалдуу) | Жогорку | Тестирлөө бөлүмү; Санариптик өнүктүрүү башкармалыгы; аймактар аралык башкармалыктар | Бөлүм башчылары, тестирлөө үчүн жооптуу кызматкерлер, маалымат системаларынын администраторлору | Агенттиктин ишине тиешелүү |
– тестирлөө жүрүшүндө – талапкерге суроолорго (жоопторго) жетүү мүмкүнчүлүгүн берүү, тест тапшырууда жардам көрсөтүү, маалымат системасынын ишине кийлигишүү; | Системалуу (реалдуу) | Жогорку | |||||
– натыйжаларды тариздөө этабында – жыйынтык баллды бурмалоо (оңдоо), протоколдо натыйжаларды алмаштыруу; | Системалуу (реалдуу) | Жогорку | |||||
– кызматкерлердин тестирлөөгө катышуучулар менен түздөн-түз формалдуу эмес байланышы. | Системалуу (реалдуу) | Жогорку | |||||
11 | Тесттик тапшырмалардын базасын иштеп чыгуу, жүргүзүү жана модернизациялоо | – базаны түзүүдө жана жаңыртууда – белгилүү бир талапкерге алдын ала берилген тапшырмаларды киргизүү; тапшырмалардын жана жоопторунун мазмунун сыйакы үчүн кызыкдар адамдарга берүү; | Системалуу (реалдуу) | Жогорку | Тестирлөө бөлүмү; Санариптик өнүктүрүү башкармалыгы | Бөлүм башчысы, тапшырмаларды иштеп чыгуучулар, базанын администраторлору | Агенттиктин ишине тиешелүү |
– базага жетүү мүмкүнчүлүгү бар адамдардын негизсиз кеңири чөйрөсү жана аны менен жасалган аракеттердин катталбашы. | Системалуу (реалдуу) | Жогорку | |||||
12 | Кадрлар резервин түзүү жана жүргүзүү; ачык конкурстук тандоону уюштуруу; кадрлар резервинин маалымат базасын жүргүзүү | – конкурстук тандоо этабында – талапкерлерге объективдүү эмес баа берүү, айрым талапкерлерге артыкчылык түзүү;
| Системалуу (реалдуу) | Жогорку | Кадрлар резервдерин түзүү бөлүмү; Кадрдык, финансылык жана административдик камсыздоо бөлүмү; аймактар аралык башкармалыктар | Бөлүм башчылары, кызматкерлер, конкурстук комиссиялардын мүчөлөрү | Агенттиктин ишине тиешелүү |
– резервге киргизүүдө – адамдарды конкурстан тышкары же квалификациялык талаптарга ылайык келбестен киргизүү;
| Потенциалдуу | Төмөн | |||||
– резервдин базасын жүргүзүүдө – чындыкка дал келбеген маалыматтарды киргизүү, айрым адамдардын кызыкчылыгында жазууларды киргизүү (чыгаруу), резервге жетүү мүмкүнчүлүгүнүн ачык-айкын эместиги. | Кырдаалдык | Төмөн | |||||
Функциянын түрү: персоналды башкаруу | |||||||
13 | Агенттиктин кызматкерлерине карата класстык чендерди ыйгаруу, төмөндөтүү жана алардан ажыратуу | – чечимдерди даярдоо этабында – жеке мамилелерге жараша белгиленген негиздерден жана мөөнөттөрдөн тышкары класстык ченди негизсиз ыйгаруу (төмөндөтүү, андан ажыратуу); | Потенциалдуу | Төмөн | Кадрдык, финансылык жана административдик камсыздоо бөлүмү | Бөлүм башчысы, жооптуу кызматкерлер | Бардык мамлекеттик органдарга мүнөздүү |
– кызыкчылыктардын кагылышуусу шартында чечим кабыл алуу. | Потенциалдуу | Төмөн | |||||
14 | Саясий мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга класстык чендерди жана социалдык статустарды ыйгаруу | – сунуштарды (чечимдерди) даярдоо этабында – белгиленген негиздерден тышкары класстык ченди (социалдык статусту) негизсиз ыйгаруу; | Потенциалдуу | Төмөн | Уюштуруу иштери бөлүмү | Бөлүм башчысы, кызматкерлер | Агенттиктин ишине тиешелүү |
– айрым адамдардын кызыкчылыгында жол-жобону тездетүү же создуктуруу. | Потенциалдуу | Төмөн | |||||
15 | Ведомстволук жана мамлекеттик сыйлыктар боюнча иштерди уюштуруу | – сыйлыкка тандоо этабында – белгиленген критерийлерден жана эмгек сиңирүүлөрдөн тышкары айрым адамдарды сыйлыкка илгерилетүү; | Потенциалдуу | Төмөн | Уюштуруу иштери бөлүмү; сыйлык комиссиясы | Бөлүм башчысы, сыйлык комиссиясынын мүчөлөрү | Мамлекеттик органдар (ведомстволук сыйлыктар бөлүгүндө) |
– сыйлык комиссиясынын кызыкчылыктардын кагылышуусу шартында чечим кабыл алуусу. | Потенциалдуу | Төмөн | |||||
16 | Кызматчыларды окутууну уюштуруу | – кызматчыларды окутууга жиберүү үчүн объективдүү эмес тандоо. | Системалуу (реалдуу) | Орточо | Окутуу жана эл аралык кызматташтык бөлүмү; Окутууну координациялоо сектору | Бөлүм башчысы, кызматкерлер | Мамлекеттик органдар, ЖӨБ органдары |
17 | Чет өлкөдө окууга талапкерлерди тандоо | – талапкерлерди тандоо этабында – ачык-айкын критерийлерден тышкары айрым адамдардын кызыкчылыгында чет өлкөдө окууга (такшалмага) объективдүү эмес тандоо; | Системалуу (реалдуу) | Орточо | Окутуу жана эл аралык кызматташтык бөлүмү | Бөлүм башчысы, кызматкерлер | Мамлекеттик органдар |
18 | Кызматтык териштирүүлөрдү жүргүзүү | – териштирүү жүргүзүү этабында – текшерилүүчүнүн же арыз ээсинин кызыкчылыгында далилдерди объективдүү эмес (бир жактуу) чогултуу; | Системалуу (реалдуу) | Жогорку | Кызматтык териштирүү боюнча комиссия; | Комиссиялардын мүчөлөрү
| Бардык мамлекеттик органдарга мүнөздүү |
Этика боюнча комиссиялардын иши | – жаза чарасы жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу этабында – жоруктун оордугун төмөндөтүү, сыйакы үчүн жеңилирээк жаза чарасын сунуштоо; | Системалуу (реалдуу) | Жогорку | Этика боюнча комиссия | |||
«Ишеним телефонунун» ишин камсыз кылуу | – «ишеним телефонунун» кабарларын иштетүүдө – кабарларды көңүлгө албоо же жашыруу, арыз ээси жөнүндө маалыматтарды жайылтуу. | Системалуу (реалдуу) | Орточо | Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат бөлүмү | «ишеним телефону» үчүн жооптуулар | ||
Функциянын түрү: финансылык ресурстарды бөлүштүрүү жана пайдалануу | |||||||
19 | Агенттиктин чыгашаларынын сметасын түзүү жана аткаруу; бухгалтердик эсепти жүргүзүү | – сметаны түзүү (аткаруу) этабында – чыгашаларды негизсиз пландаштыруу жана кайра бөлүштүрүү;
| Системалуу (реалдуу) | Жогорку | Кадрдык, финансылык жана административдик камсыздоо бөлүмү | Бөлүм башчысы, башкы бухгалтер, кызматкерлер | Бардык мамлекеттик органдарга мүнөздүү |
– бухгалтердик эсепти жүргүзүүдө – эсеп маалыматтарын бурмалоо, каржы жана бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарды бузуу белгилери бар операцияларды тариздөө, каражаттарды максатсыз пайдалануу. | Системалуу (реалдуу) | Жогорку | |||||
Функциянын түрү: мамлекеттик муктаждыктар үчүн сатып алуулар | |||||||
20 | Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууну уюштуруу жана өткөрүү | – сатып алуу документтерин даярдоо этабында – техникалык талаптарды «белгилүү бир жеткирүүчүгө ылайыктап» түзүү; | Системалуу (реалдуу) | Жогорку | Кадрдык, финансылык жана административдик камсыздоо бөлүмү; аймактык башкармалыктар | Бөлүм башчысы, тендердик (конкурстук) комиссиянын мүчөлөрү | Мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырган бардык мамлекеттик органдарга мүнөздүү |
– сатып алууну өткөрүү этабында – сатып алуу маалыматынын купуялуулугун бузуу, сатып алуулар жөнүндө толук эмес маалымат берүү; | Системалуу (реалдуу) | Жогорку | |||||
– келишимди аткаруу этабында – иш жүзүндө жеткирилбеген (сапатсыз) товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү кабыл алуу, келишимдин шарттарын негизсиз өзгөртүү. | Системалуу (реалдуу) | Жогорку | |||||