Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА
БАШКАРУУ ИШТЕРИ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИКТИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 12-августу № 01-23/227
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери
боюнча мамлекеттик агенттикте коррупциянын келип чыгуу
тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин бекитүү
жөнүндө
Коррупциянын келип чыгуу тобокелдигин төмөндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өткөрүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарын ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобого, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар тууралуу 2023-жылдын 31-майындагы № 293 токтомуна ылайык, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикте (мындан ары – Агенттик) коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеги (мындан ары – Тизмек) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Агенттиктин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана аймактык башкармалыктарынын жетекчилери Тизмекке ылайык туруктуу негизде төмөнкү иштерди жүргүзүшсүн:
– бар болгон коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу боюнча;
– коррупциялык тобокелдикке дуушар болгон функциялар менен байланышкан кызматкерлердин коррупцияга каршы укуктук аң-сезимин жогорулатуу боюнча.
3. Кадрдык, финансылык жана административдик камсыздоо бөлүмү Агенттиктин кызматкерлерин ушул буйрук менен тааныштырсын, ошондой эле ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күнүнүн ичинде анын Агенттиктин веб-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын.
4. Агенттиктин кадр саясаты башкармалыгынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат бөлүмү ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күнүнүн ичинде аны маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн, ал эми күчүнө кирген күндөн тартып жети жумуш күнүнүн ичинде ушул буйруктун электрондук түрүн электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу Укуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкына киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүүнү камсыз кылсын.
5. Агенттиктин “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинде коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин бекитүү жөнүндө” 2025-жылдын 11-январындагы № 01-25/3 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2026-жылдын 13-августунда https://mkk.gov.kg/wp-content/uploads/2026/08/%D0%9F%D0%B5%D1%80%D0%B5%D1%87%D0%B5%D0%BD%D1%8C-%D0%BA%D0%BE%D1%80-%D1%80%D0%B8%D1%81%D0%BA%D0%BE%D0%B2.pdf расмий сайтында жарыяланды
7. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
Директор | Э.Н. Джантаев |