Загрузка документа…
Д.САДЫРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
Д.Садырбаев айылдык кеңештин II чакырылышынын кезексиз ХVIII сессиясы
2026-жылдын 19-июнь №37
«Элеттик аялдар күнү» майрамдык иш-чарасын өткөрүү
жөнүндө Жобосун бекитүү жөнүндө
Д.Садырбаев айылдык кеңештин депутаттары Г.Тажикулова, Н.Таштемирова, Г.Токтосуновалардын сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34,39 беренесинин жетекчиликке алып Д. Садырбаев айылдык кеӊешинин II чакырылышынын кезексиз ХIII сессиясы токтом кылат:
1. Д.Садырбаев айыл аймагындагы «Элеттик аялдар күнү» майрамдык иш-чарасын өткөрүү жөнүндө Жобосу тиркеме ылайык бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Д.Садырбаев айыл өкмөтүнүн башчысы Адылбек уулу Бакытбекке милдеттендирилсин.
3. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы (Г.Акматовага) бул токтомду катоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен ченемдик укутук актылар мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин Жалал-Абад облусттук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага А.Тешебаев