Загрузка документа…
| Д.Садырбаев айылдык Кеңешинин II чакырылышынын кезексиз ХVIII сессиясынын №37 токтомуна №1 тиркеме |
«Элеттик аялдар күнү» майрамдык иш-чарасын өткөрүү жөнүндө Жобо
I. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо «Элеттик аялдар күнү» майрамдык иш-чарасын уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартибин, максаттарын, милдеттерин, катышуучуларын, сыйлоо тартибин жана каржылоо булактарын аныктайт.
2. «Элеттик аялдар күнү» майрамдык иш-чарасы айыл жергесинде жашаган жана эмгектенген аялдардын коомдук, социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүүгө кошкон салымын белгилөө, алардын коомдогу ролун жогорулатуу жана жарандык активдүүлүгүн колдоо максатында өткөрүлөт.
3. Майрамдык иш-чара Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, жергиликтүү кеңештин тиешелүү токтомуна жана ушул Жобого ылайык өткөрүлөт.
4. Майрамдык иш-чараны уюштуруу жана өткөрүү боюнча иштер демилгечи депутаттын координациялоосу алдында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекеме-уюмдардын, аялдар кеңештеринин, коомдук уюмдардын жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жүзөгө ашырылат.
5. Майрамдык иш-чара жыл сайын өткөрүлөт. Анын өткөрүлүүчү күнү, убактысы жана орду уюштуруу комитети тарабынан аныкталат.
II. Майрамдык иш-чаранын максаты жана милдеттери
6. Майрамдык иш-чаранын максаты:
1) аялдардын коомдогу ордун жана ролун жогорулатуу;
2) аялдардын жетишкендиктерин жана эмгегин коомчулукка таанытуу;
3) аялдардын жарандык жана коомдук активдүүлүгүн колдоо;
4) коомдогу ынтымакты жана биримдикти чыңдоо.
8. Майрамдык иш-чаранын милдеттери:
1) аялдардын эмгегин урматтоого жана баалоого көмөк көрсөтүү;
2) аялдардын демилгелерин жана жетишкендиктерин жайылтуу;
3) маданий жана чыгармачылык иш-чараларды уюштуруу;
4) аялдардын тажрыйба алмашуусуна шарт түзүү;
5) жаштарды коомдук турмушка тартууга көмөк көрсөтүү
III. Майрамдык иш-чаранын катышуучулары
7. Майрамдык иш-чарага төмөнкүлөр катыша алышат:
1) жергиликтүү кеңештин депутаттары;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү;
3) мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлери;
4) аялдар кеңештеринин мүчөлөрү;
5) коомдук бирикмелердин өкүлдөрү;
6) жаштар;
7) жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү;
8) башка чакырылган коноктор.
IV. Майрамдык иш-чараны уюштуруу жана өткөрүү тартиби
8. Майрамдык иш-чара уюштуруу комитети тарабынан бекитилген программага ылайык өткөрүлөт.
9. Уюштуруу комитети төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
1) иш-чаранын программасын иштеп чыгат;
2) катышуучулардын тизмесин түзөт;
3) сыйлануучу талапкерлерди аныктайт;
4) уюштуруу маселелерин чечет;
5) иш-чаранын өткөрүлүшүнө жалпы көзөмөл жүргүзөт.
12. Майрамдык иш-чаранын программасына төмөнкү иш-чаралар киргизилиши мүмкүн:
1) салтанаттуу ачылыш аземи;
2) расмий куттуктоо сөздөрү;
3) аялдардын жетишкендиктери жөнүндө маалыматтарды тааныштыруу;
4) сыйлоо аземи;
5) концерттик программа;
6) көргөзмөлөр жана маданий иш-чаралар;
7) сынактар жана башка иш-чаралар;
8) жыйынтыктоо бөлүгү.
13. Уюштуруу комитети иш-чаранын программасына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө укуктуу.
V. Сыйлоо тартиби
10. Майрамдык иш-чаранын алкагында төмөнкү номинациялар боюнча сыйлоо жүргүзүлүшү мүмкүн:
1) «Мыкты элеттик айым»;
2) «Мыкты мугалим»;
3) «Мыкты дарыгер»;
4) «Мыкты ишкер аял»;
5) «Мыкты коомдук ишмер»;
6) «Мыкты эне»;
7) уюштуруу комитети тарабынан аныкталган башка номинациялар.
11. Сыйлоого талапкерлер мекемелердин, уюмдардын, коомдук бирикмелердин, жергиликтүү жамааттын сунуштарынын негизинде аныкталат.
12. Сыйлоо ардак грамоталар, ыраазычылык каттар, дипломдор, эстелик белектер жана башка сыйлыктар менен жүргүзүлөт.
VI. Каржылоо
13. Майрамдык иш-чараны уюштурууга жана өткөрүүгө байланыштуу чыгымдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каржыланат.
14. Майрамдык иш-чараны каржылоо төмөнкү булактардын эсебинен жүзөгө ашырылышы мүмкүн:
1) жергиликтүү бюджеттин каражаттары;
2) демөөрчүлүк жардамдар;
3) кайрымдуулук каражаттары;
4) мыйзамдарда тыюу салынбаган башка булактар.
VII. Жыйынтыктоочу жоболор
15. Ушул Жобо жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген күндөн тартып күчүнө кирет.
16. Ушул Жободо жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилет.
17. Ушул Жобонун аткарылышын контролдоо Д.Садырбаев айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлөт.
Жооптуу катчы |
А.Саитова |
18.