Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 12-августу № 283
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясын которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 96-беренесинин 6-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын сунушу боюнча токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун ишин күчөтүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Бекбулатов Айбек Бектурсунович ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтүнө судьянын ыйгарым укуктарын андан ары жүзөгө ашыруу үчүн Ош облусунун Чоң-Алай райондук сотунан Ош облустук сотуна которулсун.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |