Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 25-июну № 480-т
Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу, "Мамлекеттик бажы инфраструктурасы" ачык акционердик коомунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы "Мамлекеттик бажы инфраструктурасы" ачык акционердик коомунун уставдык капиталына салым катары ушул тескеменин тиркемесине ылайык тизмек боюнча мүлктү белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. "Мамлекеттик бажы инфраструктурасы" ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:
1) тиркемеде көрсөтүлгөн мүлктү максаттуу багыты боюнча пайдалануу;
2) тиркемеде көрсөтүлгөн мүлккө барабар суммада акцияларды кошумча чыгарууну жүргүзүү;
3) бул тескемеден келип чыгуучу чараларды белгиленген тартипте көрүү.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |
"Мамлекеттик бажы инфраструктурасы" ачык акционердик коомунун уставдык капиталына салым катары өткөрүп берилүүгө тийиш болгон мүлктүн ТИЗМЕГИ
№ | Аталышы | Өлчөө бирдиги | Баасы (сом) | Саны | Суммасы (сом) | Эскертүү |
1 | ВА-Д-20 автомобиль таразасы | Комплект | 29501350,88 | 1 | 29501350,88 | "Торугарт - автожолу" өткөрүү пункту |
2 | ВА-Д-20 автомобиль таразасы | Комплект | 3898000 | 1 | 3898000 | "Карамык - автожолу" өткөрүү пункту |
3 | ВА-Д-20 автомобиль таразасы | Комплект | 7965213,94 | 1 | 7965213,94 | "Бор-Дөбө - автожолу" өткөрүү пункту |
4 | ВА-Д-20 автомобиль таразасы | Даана | 2340658,5 | 1 | 2340658,5 | "Эркечтам - автожолу" өткөрүү пункту |
5 | XK3190-A9 автомобиль таразасы | Даана | 735000 | 1 | 735000 | "Эркечтам - автожолу" өткөрүү пункту |
6 | СКИ-12 автомобиль таразасы | Даана | 1000000 | 1 | 1000000 | "Эркечтам - автожолу" өткөрүү пункту |
7 | ВА-Д-20 автомобиль таразасы | Комплект | 9186379,49 | 1 | 9186379,49 | "Достук - автожолу" өткөрүү пункту |
8 | ВА-Д-20 автомобиль таразасы | Комплект | 8380880,7 | 1 | 8380880,7 | "Кызыл-Кыя - автожолу" өткөрүү пункту |
9 | ВА-Д-20 автомобиль таразасы | Даана | 4343265 | 1 | 4343265 | "Кайрагач - автожолу" өткөрүү пункту |
10 | Электрондук кезекти автоматташтырылган башкаруу системасы | Даана | 0 | 1 | 0 | Программалык камсыздоо |
11 | "Hyundai Porter" маркасындагы автотранспорт каражаты | Даана | 1039659 | 1 | 1039659 | Чыгарылган жылы - 2019, идентификациялык номери (VIN) KMFZCZ7KBKU643755, ак түстө |
12 | "Lexus RX 350" маркасындагы автотранспорт каражаты | Даана | 823800 | 1 | 823800 | Чыгарылган жылы - 2007, идентификациялык номери (VIN) 2Т2НK31U58C066007, күмүш түстө |
|
|
| 69214207,51 |
| 69214207,51 |
|