Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 6-августу № 275
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 96-беренесинин 3-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 29-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнө ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча токтом кылам:
1. Нарын облустук сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн мурда жиберилген Нарынбаев Таштанбек Пахирович курагынын чегине жеткендигине байланыштуу анын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктары токтотулду жана ээлеген кызмат ордунан 2026-жылдын 5-августунан тартып бошотулду деп эсептелсин.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти С.Н. Жапаров