Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН төрагасыНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 22-июну № 472
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесинин 2-бөлүгүнө, 27-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.А.Маматалиев, М.Э.Мавлянова тарабынан демилгеленген "Өнөр жай аймактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул тескеме Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2026-жылдын 22-июнундагы № 472 тескемеси менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.А.Маматалиев, М.Э.Мавлянова тарабынан демилгеленген "Өнөр жай аймактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.А.Маматалиев, М.Э.Мавлянова тарабынан демилгеленген "Өнөр жай аймактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Мыйзамдын долбоорунун 1-беренеси менен ушул Мыйзамдын Кыргыз Республикасында өнөр жай аймактарын (мындан ары - өнөр жай аймактары) түзүүгө, иштетүүгө, башкарууга жана алардын ишин токтотууга байланыштуу келип чыккан коомдук мамилелерди жөнгө салуусун, ошондой эле алардын резиденттеринин укуктук абалын аныктоосун кароо сунушталган.
Мыйзамдын долбооруна ылайык өнөр жай аймагы - бул Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен чек аралары аныкталган, өнөр жай багытындагы объекттерди жана коштоочу инфраструктураны, анын ичинде өндүрүш объекттерин, соода объекттерин жана өнөр жай аймактарынын резиденттери тарабынан товарларды өндүрүүнү, иштерди аткарууну жана кызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кылган башка объекттерди жайгаштырууга арналган жана дирекция тарабынан башкарылган атайын бөлүнгөн аймак.
Мыйзамдын долбооруна маалымкат-негиздемеге ылайык эркин экономикалык аймактардан айырмаланып, өнөр жай аймактарынын чектеринде эркин бажы аймагынын режимин белгилөө, ошондой эле ишкердик иш субъекттерине салыктык жана башка милдеттүү жеңилдиктерди берүү каралбайт.
Ошол эле учурда Мыйзамдын долбоорунда ишкерлердин өнөр жай аймактарында иш жүргүзүүгө болгон кызыкдарлыгы эмнеде экендиги так аныкталган эмес. Салыктык жана бажы жеңилдиктеринин, ошондой эле уруксаттарды жана лицензияларды алуу бөлүгүндө башка жөнөкөйлөтүүлөрдүн жоктугу менен катар резиденттер үчүн конкреттүү артыкчылыктар аныкталган эмес.
Ушуга байланыштуу ишкерлерди өнөр жай аймактарында жайгашууга жана бизнес жүргүзүүгө кызыктыруу үчүн аларга кандай шарттар, кепилдиктер же колдоо чаралары сунуштала турганы түшүнүксүз бойдон калат.
Мындан тышкары Мыйзамдын долбооруна маалымкат-негиздемеге ылайык мыйзам долбоорунун максаты өнөр жай өндүрүшүн өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, аймактардын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу, инфраструктураны өнүктүрүү жана жумуш орундарын түзүү болуп эсептелет. Өнөр жай аймактарын түзүү жана башкаруу маселелерин комплекстүү жөнгө салуучу атайын мыйзамдын жоктугу ири индустриялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн чектейт.
Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун аталган максаттары, анын ичинде өнөр жай өндүрүшүн өнүктүрүү, инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу жана ишкердик субъекттери үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, ошондой эле жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын алкагында ишке ашырылышы мүмкүн экендигин белгилөө зарыл.
Тактап айтканда бул коомдук мамилелер Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, "Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө", "Технологиялык парктар жөнүндө", "Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
Мисалы Мыйзамдын долбоорунун 4-беренесинде аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү стимулдаштыруу, өнөр жай өндүрүшүн өнүктүрүү, инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу, жумуш орундарын түзүү, жер ресурстарын жана инфраструктураны сарамжалдуу пайдалануу, ошондой эле өндүрүш объекттерин топтоо жана модернизациялоо аркылуу айлана-чөйрөгө терс таасирди азайтуу максатында өнөр жай аймактары түзүлөрүн кароо сунушталган.
Өнөр жай аймактарын түзүүнүн милдеттери заманбап жана жогорку технологиялуу өндүрүштөрдү киргизүү, инвестицияларды тартуу, өндүрүштүк, коммуналдык жана транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү, экологиялык талаптарга жооп берген жана айлана-чөйрөгө терс таасирди азайтууга багытталган технологияларды киргизүү болуп эсептелет.
Ошол эле учурда "Технологиялык парктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык технопарктарды түзүү жана иштетүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын максаты инновацияларды түзүү жана аларды коммерциялаштыруу боюнча биргелешкен ишти түзүү үчүн университеттердин, илимий мекемелердин жана өндүрүш секторунун чыгармачыл аракеттерин бириктирүү, өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана чыгымдарын азайтуу, илимге сыйымдуу өндүрүштү колдоо, жумуш орундарын түзүү, чакан жана орто инновациялык бизнестин келечектүү субъекттерин топтоо үчүн Кыргыз Республикасында технопарктарды түзүүнү жана иштетүүнү камсыз кылуучу укуктук механизмдерди, экономикалык жана социалдык шарттарды жана кепилдиктерди түзүү болуп саналат.
Мындан тышкары Мыйзамдын долбоорунда өнөр жай аймактарынын өз алдынча институт катары укуктук өзгөчөлүктөрү, алардын ишкердик ишти уюштуруунун, анын ичинде технологиялык парктар сыяктуу башка колдонуудагы формаларынан айырмаланган белгилери жетиштүү ачылган эмес.
Мыйзамдын долбоорунун 5-беренесинде өнөр жай аймагы өнөр жай багытындагы объекттерди жана коштоочу инфраструктураны жайгаштырууга арналган, ошондой эле өнөр жай аймагынын дирекциясы тарабынан башкарылган атайын бөлүнгөн аймак катары аныкталат. Муну менен бирге Мыйзамдын долбоорунда өнөр жай аймагынын укуктук чөйрөсү так белгиленген эмес, анткени Мыйзамдын долбоорунун түрдүү ченемдеринде өнөр жай аймагы бир эле учурда бир нече мааниде колдонулган. Алсак, Мыйзамдын долбоорунун 9-беренесинде өнөр жай аймагы белгилүү чек аралары жана жер пайдалануу режими белгиленген аймак (жер тилкеси же жер тилкелеринин тобу) катары каралат. Андан ары Мыйзамдын долбоорунун 17, 18, 23 жана 25-беренелеринде өнөр жай аймагы инфраструктура объекттерин, имараттарды, курулмаларды жана башка мүлктөрдү камтыган мүлктүк комплекс катары каралып, аларды башкаруу өнөр жай аймагынын дирекциясы тарабынан жүзөгө ашырылары көрсөтүлгөн.
Ошол эле учурда Мыйзамдын долбоорунун 3-главасынын 12-21-беренелеринин резиденттердин статусун, иш жүргүзүү жөнүндө келишим түзүүнүн тартибин, жер тилкелерин берүүнүн өзгөчөлүктөрүн, резиденттердин укуктарын, милдеттерин жана чектөөлөрүн жөнгө салуучу жоболору өнөр жай аймагы ишкердик ишти жүргүзүүнүн өзгөчө укуктук режими катары да караларын күбөлөндүрөт.
Мындан тышкары Мыйзамдын долбоорунун 23-беренесинде өнөр жай аймагын башкаруу дирекция тарабынан жүзөгө ашырылары каралган, бирок анда өнөр жай аймагынын укуктук статуска ээ экендиги, өнөр жай аймагынын дирекциясы мамлекеттик же муниципалдык мекеме экендиги аныкталган эмес. Ушуга байланыштуу өнөр жай аймагынын инфраструктурасынын жана мүлкүнүн укуктук режимин аныктоо, өнөр жай аймагынын дирекциясынын укуктук статусун уюмдун башкаруучусу катары, анын ичинде уюмдаштыруучунун маселелерин, мүлктүн менчик формаларын жана өнөр жай аймагынын объекттерин башкаруу боюнча ыйгарым укуктардын көлөмүн аныктоо зарыл.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 31-майындагы № 146 Жарлыгы "Кыргыз Республикасынын 2023-2026-жылдарга карата укуктук саясат концепциясы" бекитилген. Аталган Концепциянын алкагында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги мыйзам чыгаруу иши чөйрөсүндө координациялоочу ролду жүзөгө ашырат жана мыйзамдарды жана укуктук жөнгө салуу механизмдерин дебюрократиялаштырууга жана административдик жол-жоболорду оптималдаштырууга багытталган иш-чараларды ишке ашырат.
Бирок долбоордун айрым жоболору деталдаштырылган жана нускоочу мүнөзгө ээ.
Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 12, 13, 19, 20, 21, 22, 26, 27-беренелерин жогоруда баяндалган эскертүүлөрдү жана сунуштарды эске алуу менен кайра карап чыгууну жана мыйзам алдындагы актынын (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун) деңгээлинде жөнгө салууну сунуштайбыз.
Мыйзамдын долбоорунун 7 жана 9-беренелеринде өнөр жай аймактарын түзүүдө жана иштешинде жер тилкелерин пайдалануу, анын ичинде мындай аймактарды мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги жерлерде жайгаштыруу маселелерин жөнгө салуу каралат.
Мындан тышкары Мыйзамдын долбоорунун 14-беренесинде өнөр жай аймактарынын резиденттерине жер тилкелерин жана башка объекттерди берүү тартибин аныктоо сунушталган.
Ошол эле учурда Кыргыз Республикасында жер мамилелери, анын ичинде жерге болгон укуктардын пайда болуу, жүзөгө ашырылуу жана токтотулуу негиздери, ошондой эле жер тилкелерин берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Жер кодекси менен жөнгө салынат.
Ушуга байланыштуу өнөр жай аймактарынын алкагында жер мамилелерин жөнгө салууну Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык жүзөгө ашыруу зарыл, ал эми Мыйзамдын долбоорунда башкача жоболор каралган учурда көрсөтүлгөн Кодекске тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл.
Мыйзам долбоорунун 10-беренесинде өнөр жай аймактарын түзүүнү жана өнүктүрүүнү каржылоону республикалык жана (же) жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырууну кароо сунушталган.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык ишке ашырылуусу мамлекеттик бюджеттен каржылоону талап кылган ченемдик укуктук актылар алар боюнча каржылоо булагы аныкталганга чейин кабыл алынбоого тийиш.
Ошону менен бирге Мыйзамдын долбооруна маалымкат-негиздемеде республикалык бюджетте тиешелүү каражаттардын бар экендиги жөнүндө маалыматтар жана финансы-экономикалык эсептөөлөр камтылган эмес.
Мыйзамдын долбоорунун 14-беренесине ылайык өнөр жай аймагынын чектеринде жер тилкелери экономикалык ишти жана өнөр жай өндүрүшүн жүзөгө ашыруу үчүн резиденттерге убактылуу пайдалануу укугунда бир жылдан кырк тогуз жылга чейинки мөөнөткө берилет. Муну менен бирге жеке менчикке өткөрүп берүү укугусуз жер тилкелерин берүү каралган.
Ошол эле учурда Мыйзамдын долбоорунун 18-беренесинде эгерде ишти жүзөгө ашыруу жөнүндө макулдашууда башкача белгиленбесе, резиденттер өнөр жай аймагынын чегинде курулган имараттарга, курулмаларга жана кыймылсыз мүлктүн башка объекттерине жеке менчик укуктарды жеке жана/же тартылган каражаттардын эсебинен сатып алары каралган.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 46 жана 49-беренелерине ылайык имарат жана/же курулма бул имарат жана курулма үчүн берилген жер тилкесине болгон укуктан ажыратылбайт. Имараттын жана/же курулманын менчик ээси аларга өз көз карашы боюнча ээ болууга, пайдаланууга жана тескөөгө, анын ичинде эгерде жер тилкесин пайдалануу шарттарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболоруна каршы келбесе, аларды бузууга укуктуу. Жер тилкесине укук токтогон учурда анда жайгашкан имараттардын жана/же курулмалардын келечеги анын менчик ээси тарабынан аныкталат.
Мыйзамдын долбоорунун 15-беренесинин 2-пунктунда жер тилкесин пайдаланбоо же белгиленген мөөнөттөрдө иш жүргүзбөө жер тилкесин пайдалануу укугунун токтотулушуна алып келери каралган.
Ошентип Мыйзамдын долбоорунда резиденттерге таандык кыймылсыз мүлк объекттеринин укуктук статусу жөнгө салынбагандыктан, жер тилкесин пайдалануу укугу токтотулган учурда мамлекет менен резиденттердин ортосунда көптөгөн соттук талаш-тартыштардын келип чыгышына алып келиши мүмкүн.
Мындан тышкары Мыйзамдын долбоору жетиштүү деңгээлде жол-жоболордун ачыктыгын камсыз кылбайт, анткени анда бош жер тилкелери, резиденттерди тандоо критерийлери жана арыздарды кароонун жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды ачык булактарда жарыялоо каралган эмес, бул мыйзамды ишке ашырууда коррупциялык тобокелдиктерди жаратышы мүмкүн.
Мыйзамдын долбоорунун 17-беренесинде пайдаланылбаган же бош турган мамлекеттик же муниципалдык менчиктеги жана өнөр жай аймагынын чегинде жайгашкан өнөр жай, транспорттук жана башка объекттер, имараттар жана курулмалар бекитилген бизнес-планга ылайык модернизациялоо жана өнөр жай өндүрүшүндө пайдалануу шарты менен резиденттерге пайдаланууга берилиши мүмкүн экендиги белгиленген.
Ошондой эле жогоруда аталган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун 23-беренесинде дирекция өнөр жай аймагынын иштешин жана өнүгүшүн камсыз кылуу максатында дирекцияга убактылуу ээликке жана пайдаланууга берилген мамлекеттик же муниципалдык менчиктеги мүлктү ыкчам башкарууну жүзөгө ашыра тургандыгы белгиленген.
Мындан тышкары Мыйзамдын долбооруна ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталган, резиденттердин реестрине киргизилген жана ишти жүзөгө ашыруу жөнүндө макулдашуу түзгөн юридикалык жак (анын ичинде чет өлкөлүк) же жеке ишкер резидент болуп эсептелет.
Мында "Муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине ылайык муниципалдык менчик объекттери жеке жана юридикалык жактарга пайдаланууга жана ижарага берилерин белгилей кетүү зарыл.
Аталган Мыйзамдын 16-беренесинде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, жергиликтүү кеңештердин чечимдеринде каралган учурларды кошпогондо, муниципалдык менчик объекттерин пайдаланууга жана ижарага берүү тооруктарды өткөрүү жолу менен жүргүзүлөт, алар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте электрондук форматта өткөрүлүшү мүмкүн.
Жогоруда аталган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине ылайык муниципалдык менчиктеги мүлк муниципалдык ишканаларга чарба жүргүзүү укугунда, ал эми мекемелерге ыкчам башкаруу укугунда бекитилиши мүмкүн. Чарба жүргүзүүгө жана ыкчам башкаруусуна мүлк берилген муниципалдык ишканалар жана мекемелер бул мүлккө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган чектерде ээлик кылат, пайдаланат жана тескейт.
Мындан тышкары азыркы учурда ченемдик укуктук актылар менен бекитилген муниципалдык мүлктү пайдаланууга берүүнүн бир катар колдонуудагы тартиптери бар экенин белгилөө зарыл.
Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун аталган беренелеринде резиденттердин жана дирекциянын мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана шарттарда пайдалануу укугу жөнүндө жобону кароону сунуштайбыз.
Ошондой эле жогоруда аталган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда өнөр жай аймагынын дирекциясынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү механизмдерин деталдуу жөнгө салууну сунуштайбыз, анткени өнөр жай аймагы тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аймагында жайгашышы мүмкүн жана шаар курууну пландаштыруу, транспорттук жеткиликтүүлүк жана инженердик инфраструктураны өнүктүрүү маселелерин козгошу мүмкүн.
Мыйзамдын долбоорунун 27-беренесинин 5-бөлүгүндө ыйгарым укуктуу орган бузуулар аныкталган учурда дирекцияны жана резиденттерди текшерүүнү демилгелөөгө, ишти жүзөгө ашыруу жөнүндө макулдашуунун колдонулушун токтотууга же күчүн жоготууга укуктуу экендиги белгиленген.
Ошол эле учурда Мыйзамдын долбоорунда текшерүүнү демилгелөөнүн негиздери жана тартиби, макулдашуунун колдонулушун токтотуу же күчүн жоготуу жөнүндө акыркы чечимди кабыл алууга ыйгарым укуктуу орган, аныкталган бузууларды кароо тартиби жана аларды жоюу мүмкүнчүлүгү, резиденттердин укуктарын коргоо кепилдиктери, анын ичинде чечимдерге даттануу укугу аныкталган эмес.
Ушуга байланыштуу укуктук аныктуулук принциптерин сактоо жана бирдей укук колдонуу практикасын камсыз кылуу максатында көрсөтүлгөн жоболорду тактоо зарыл деп эсептейбиз.
Ошондой эле "макулдашуунун колдонулушун токтотуу же күчүн жоготуу" деген сөздөр менен берилген ченемдик жобону толуктап иштеп чыгуу зарыл, анткени Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында макулдашуунун колдонулушун токтотуу келишимдик мамилелерге таасир этүүнүн өз алдынча механизми катары каралган эмес.
Мыйзамдын долбоорунун 29-беренеси талаш-тартыштарды чечүүнүн жана укуктарды коргоонун тартибин белгилейт. Белгилеп кетүүчү нерсе Мыйзамдын долбоору өнөр жай аймактарын түзүүгө, иштетүүгө жана башкарууга байланыштуу келип чыккан жарандык- укуктук жана ачык-укуктук мамилелерди жөнгө салат.
Атап айтканда Мыйзамдын долбоору иш жүргүзүү жөнүндө макулдашууларды түзүүгө жана аткарууга, жер тилкелерин жана мүлктөрдү берүүгө, инвестициялык ишти жүзөгө ашырууга, ошондой эле резиденттердин мүлктүк укуктарына жана милдеттерине байланыштуу жарандык-укуктук мамилелерди жөнгө салат.
Ошол эле учурда Мыйзамдын долбоорунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, ыйгарым укуктуу органдын жана өнөр жай аймагынын дирекциясынын ыйгарым укуктары, көзөмөлдөө, текшерүүлөрдү өткөрүү, резидент статусун берүү жана токтотуу, ошондой эле мамлекеттик таасир этүү чараларын колдонуу сыяктуу ачык-укуктук мамилелерди жөнгө салуучу жоболор камтылган.
Ошону менен бирге Мыйзамдын долбоорунун 29-беренеси жарандык-укуктук жана ачык-укуктук мамилелерден келип чыккан талаш-тартыштарды айырмалабастан жалпы тартипте чечүүнү карайт, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдын жана өнөр жай аймагынын дирекциясынын чечимдерине жана аракеттерине (аракетсиздигине) даттануу тартибин, анын ичинде ачык-укуктук мамилелерден келип чыккан талаш-тартыштарды жөнгө салуунун сотко чейинки тартибин сактоонун милдеттүүлүгүн аныктабайт.
Мындан тышкары, эгерде бул тараптардын макулдашуусунда каралган болсо, жарандык-укуктук талаш-тартыштарды бейтарап териштирүү тартибинде чечүү мүмкүнчүлүгүн кароо, ошондой эле медиация жана талаш-тартыштарды сотко чейинки жөнгө салуунун башка ыкмаларын колдонуу укугун тактоо максатка ылайыктуу деп эсептейбиз.
Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 29-беренесинин жоболорун тиешелүү категориядагы талаш-тартыштарды чечүү тартибин айырмалоо, ыйгарым укуктуу органдын жана өнөр жай аймагынын дирекциясынын чечимдерине жана аракеттерине (аракетсиздигине) даттануу тартибин аныктоо, ошондой эле талаш- тартыштарды чечүүнүн альтернативдүү ыкмаларын колдонуу бөлүгүндө толуктап иштеп чыгуу зарыл деп эсептейбиз.
Ошондой эле Мыйзамдын долбооруна маалымкат-негиздемеде бул Мыйзамдын долбооруна жөнгө салуучу таасирди талдоо жүргүзүлгөнү көрсөтүлгөн, бирок талдоо тиркелген эмес.
Мыйзамдын долбооруна маалымкат-негиздемеде "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий сайтына жайгаштырылганы белгиленген.
Ошол эле учурда аталган Мыйзамдын 22-беренесине ылайык ченемдик укуктук актынын долбоорун коомдук талкуулоо ченем жаратуучу орган тарабынан коомдук талкуулоонун жыйынтыктары боюнча келип түшкөн сунуштар жана аларды ченемдик укуктук актынын долбооруна киргизүүнүн же киргизбөөнүн себептерин негиздөө менен жыйынтыктоочу маалыматты даярдоо жолу менен камсыз кылынат. Жыйынтыктоочу маалымат ченемдик укуктук актынын долбооруна маалымкат-негиздемеде чагылдырылууга тийиш.
Белгиленген Мыйзамдын долбоорунун талаптарын сактоо максатында маалымкат-негиздемеде коомдук талкуунун жыйынтыктарын жана Мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий сайтына жайгаштыруу датасын көрсөтүү зарыл.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламентинин 63-пунктуна ылайык Президенттин Администрациясына киргизилүүчү мыйзамдардын долбоорлору ушул Регламентке тиркелген форма боюнча мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин кабыл алынууга же өзгөртүлүүгө тийиш болгон ченемдик жана ченемдик эмес укуктук актылардын тизмеги жана мыйзам долбоорунан келип чыгуучу уюштуруучулук иш-чаралардын тизмеги менен коштолууга тийиш.
Ушуга байланыштуу кайра каралууга тийиш болгон Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актылары жөнүндө маалыматты каралып жаткан Мыйзамдын долбоору кабыл алынгандан кийин берилген долбоорго аталган Регламентке ылайык форма боюнча тиркөөнү сунуштайбыз.
Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Мыйзамдын долбоорун берилген редакцияда кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейт.