Редакцияот 09.09.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому

 

2026-жылдын 9-сентябры № 698-VIII

 

Кыргыз Республикасынын юстиция министри кызмат ордуна А.А.Айылчиевди дайындоого макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, 80-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктун жана 90-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацын, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 6-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 7-сентябрындагы ПЖ № 317 Жарлыгын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын юстиция министри кызмат ордуна Айылчиев Алмаз Асимовичти дайындоого макулдук берилсин.

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага

 

М.А. Маматалиев