Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 25-сентябры № 637
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 258 «Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки, жалпы (башталгыч, негизги жана орто), кесиптик башталгыч жана кошумча билим берүү деңгээлиндеги мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат орундарына конкурс өткөрүү маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү
киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки, жалпы (башталгыч, негизги жана орто), кесиптик башталгыч жана кошумча билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат орундарына талапкерлерге квалификациялык талаптарды колдонууда укуктук белгисиздикти жоюу максатында, «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 4-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 258 «Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки, жалпы (башталгыч, негизги жана орто), кесиптик башталгыч жана кошумча билим берүү деңгээлиндеги мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат орундарына конкурс өткөрүү маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышындагы жана 1-пункттагы «кошумча билим берүү деңгээлиндеги» деген сөздөр «кошумча билим берүүнүн» деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки, жалпы (башталгыч, негизги жана орто), кесиптик башталгыч жана кошумча билим берүү деңгээлиндеги мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат орундарына конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө жободо:
– аталышындагы «кошумча билим берүү деңгээлиндеги» деген сөздөр «кошумча билим берүүнүн» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки, жалпы (башталгыч, негизги жана орто), кесиптик башталгыч жана кошумча билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат орундарына конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) конкурсту уюштурууга бирдиктүү, системалуу мамилени камсыз кылуу жана конкурстук жол-жоболордун ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн заманбап санариптик технологияларды киргизүү максатында мектепке чейинки, жалпы (башталгыч, негизги жана орто), кесиптик башталгыч жана кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын (мындан ары – билим берүү уюмдары) жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурс өткөрүүнүн тартибин аныктайт.»;
– 2-пунктта:
1-пунктчадагы «мектепке чейинки, жалпы (башталгыч, негизги жана орто), кесиптик башталгыч жана кошумча билим берүү деңгээлиндеги кызматкерлер» деген сөздөр «билим берүү уюмдарынын кызматкерлери» деген сөздөргө алмаштырылсын;
3, 5, 6, 8, 9-пунктчалардагы «билим берүүнүн тиешелүү деңгээлиндеги» деген сөздөр алып салынсын;
11-пунктчадагы «мектепке чейинки, жалпы (башталгыч, негизги жана орто), кесиптик башталгыч жана кошумча билим берүү деңгээлиндеги» деген сөздөр алып салынсын;
– 4-пункттагы жана 7-пункттун экинчи абзацындагы «билим берүүнүн тиешелүү деңгээлиндеги» деген сөздөр алып салынсын;
– 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: