Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 26-августу № 579
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-майындагы № 369 «Күйүүчү-майлоочу материалдарга рыноктук бааларды турукташтыруу боюнча чаралар жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, өлкөнүн калкын күйүүчү-майлоочу материалдар менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, улуттук экономиканын субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-майындагы № 369 «Күйүүчү-майлоочу материалдарга рыноктук бааларды турукташтыруу боюнча чаралар жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Үчүнчү өлкөлөрдөн импорттоодо субсидияларды берүү максатында Турксиб жана Сары-Агач темир жол станцияларынын жеткирүү базисинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чек арасында импорттолгон күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алуунун белгиленген баалары төмөнкүдөй деңгээлде аныкталсын:
1) ТЭИ ТН 2710 12 110 – 2710 12 900, 2710 19 110 0 – 2710 19 150 0, 2710 19 250 0, 2710 19 290 товардык позицияларында классификациялануучу мотор бензини (Аи-92 маркасы), бир тонна үчүн 960 АКШ доллары өлчөмүндө;
2) ТЭИ ТН 2710 19 310 0 – 2710 19 480 0, 2710 20 110 0 – 2710 20 190 0 товардык позицияларында классификациялануучу дизель отуну, бир тонна үчүн 1050 АКШ доллары өлчөмүндө;
3) ТЭИ ТН 2711 11 000 0 – 2711 19 000 0, 2901 10 000 1 товардык позицияларында классификациялануучу автомобиль отуну катары пайдаланылуучу суюлтулган көмүр суутек газы, бир тонна үчүн 650 АКШ доллары өлчөмүндө.»;
2) 3-пунктта «30-сентябрын» деген сөздөр «31-декабрын» деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Күйүүчү-майлоочу материалдарды импорттоо жана сатуу боюнча ишти жүзөгө ашырган субъекттерге субсидияларды берүүнүн убактылуу тартибинде:
– 3-пункттун 1-пунктчасында «Аи-92, Аи-95» деген сөздөр «Аи-92 маркасы» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Субсидиялар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 455 «Социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» токтомуна ылайык бааларды белгилөө жөнүндө макулдашууну түзгөн, күйүүчү-майлоочу материалдарды импорттоону жана сатууну жүзөгө ашыруучу субъекттерге берилет.»;
– 6-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;