Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 30-майы № 379-т
Суу-энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу, Токтогул суу сактагычында суунун деңгээлинин кризистик белгилерге чейин төмөндөшүнө жол бербөө, Кыргыз Республикасынын энергетика системасында электр энергиясынын тартыштыгын кыскартуу, ошондой эле күз-кыш мезгилинде электр энергиясын керектөөнү азайтуу боюнча чараларды көрүүнүн ар жылдык мезгилин белгилөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-ноябрындагы № 949-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункттун биринчи абзацында "камсыз кылсын" деген сөздөр "жыл сайын 15-октябрдан тартып 15-мартка чейинки мезгилде камсыз кылсын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |