Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2026-жылдын 20-июлу № 4-НПА
Бишкек шаары, Жеңиштин 50 жылдыгы көчөсү, 4
дарегинде жайгашкан жер участогун муниципалдык
менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Социалдык инфраструктура объекттеринин иштешин, аларды эксплуатациялоону, күтүүнү жана өнүктүрүүнү камсыздоо, ошондой эле калкка социалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн шарттарды түзүү максатында, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 30-июнундагы № 103 «Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 18 «Бишкек шаардык кеңешинин мамлекеттик менчик объекттерин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө ченем жаратуу ыйгарым укуктарын Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүп берүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомуна ылайык токтом кылам:
1. Калкка социалдык кызмат көрсөтүү үчүн Бишкек шаары, Жеңиштин 50 жылдыгы көчөсү, 4 дарегинде жайгашкан идентификациялык коду: 1-01-14-0060-3665, аянты 10,48 га жер участогун Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын муниципалдык менчик башкармалыгы белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыгуучу башка зарыл чараларды көрсүн.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын контролдоо жана уюштуруу иштери башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол тамга коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
2026-жылдын 5-августунда https://www.bishkek.gov.kg/assets/uploads/files/1785928177.pdf расмий сайтында жарыяланды
Бишкек шаарынын мэри | А.Дж. Джунушалиев |