Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 10-февралы № 2
Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2026-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Ынтымак айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Г.С. Касманкулованын маалыматын угуп, ошондой эле Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2026–2028-жылдарга бюджетинин болжолун карап чыгып, Ынтымак айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2026-жылга бюджетин бекитүү:
1.1. Киреше бөлүгү 46790,4 миң сом суммасында, анын ичинде:
- өздүк каражаттар — 37987,7 миң сом;
- теңдөөчү грант — 6244,3 миң сом;
- атайын эсептин каражаттары — 2558,4 миң сом,
№ 1 тиркемеге ылайык.
1.2. Чыгаша бөлүгү 46790,4 миң сом суммасында, анын ичинде:
- бюджеттик каражаттар — 44232,0 миң сом;
- атайын эсептин каражаттары — 2558,4 миң сом,
№ 2 тиркемеге ылайык.
2. Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2026-жылга бюджетинин чыгашаларын каржылоо иш жүзүндө түшкөн кирешелердин чегинде, биринчи кезекте корголгон чыгаша беренелерин, анын ичинде эмгек акы төлөөгө кеткен чыгашаларды каржылоо менен жүргүзүлсүн деп белгиленсин.
3.Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2027–2028-жылдарга киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча бюджеттик болжолун бекитүү:
Жыл | Киреше бөлүгү | Чыгаша бөлүгү |
2027 | 43544,5 миң сом (анын ичинде атайын эсептин каражаттары — 2558,4 миң сом) | 43544,5 миң сом |
2028 | 46822,5 миң сом (анын ичинде атайын эсептин каражаттары — 2558,4 миң сом) | 46822,5 миң сом |
4. Токтом Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттө күчүнө кирет.
5. Токтом Ынтымак айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине каттоо жана киргизүү үчүн Чүй – Бишкек Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
2026-жылдын 12-июлунда https://yntymak-ao.gov.kg/documents/%d1%8b%d0%bd%d1%82%d1%8b%d0%bc%d0%b0%d0%ba-%d0%b0%d0%b9%d1%8b%d0%bb%d0%b4%d1%8b%d0%ba-%d0%ba%d0%b5%d0%bd%d0%b5%d1%88%d0%b8%d0%bd%d0%b8%d0%bd-2026-%d0%b6%d1%8b%d0%bb%d0%b4%d1%8b%d0%bd-10-%d1%84%d0%b5/ расмий сайтында жарыяланды
6. Токтомдун аткарылышын Ынтымак айылдык кеңешинин каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
________________
Таркатылсын: иш кагаздарына, ФЭБ, КР Юстиция министрлиги, КР Финансы министрлигинин Жайыл райондук бөлүмү, финансы маселелери боюнча комиссия
Төрага | К. Асанов |
| № 1 тиркеме Ынтымак айылдык кеңешинин Токтому «10»_02_ 2026-жыл № 2 |
Ынтымак айыл аймагынын Ынтымак айыл өкмөтүнүн бюджетинин
киреше бөлүгү Жайыл району Чүй облусу
Элементтер | Киреше беренелеринин аталышы | Суммасы, миң. сом |
11111100 | Салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгы | 18855,6 |
11122300 | Патенттик негиздеги салык | 50,0 |
11311100 | Ишкердик ишти жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылбаган кыймылсыз мүлккө салык | 223,3 |
11311200 | Ишкердик ишти жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылуучу кыймылсыз мүлккө салык 2 топ | 1500 |
11321 | Жер салыгы | 1183,9 |
11321100 | Үйгө жанаша жайгашкан, короо-жай жана бакча-огород жер участогуна мүлк салыгы | 483,9 |
11321300 | Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге мүлк салыгы | 700,0 |
14152 | Жаратылыш ресурстарын пайдалангандыгы үчүн төлөм | 16005,9 |
14152100 | Калктуу конуштардагы жерди ижарага алгандыгы үчүн төлөм | 359,9 |
14152200 | Жайыттарды пайдалангандыгы үчүн жыйым | 100,0 |
14152600 | Айыл чарба багытындагы мамлекеттик жер фондунун жерлерин пайдалангандыгы үчүн ижара акысы | 15546,0 |
14211 | Муниципалдык менчикте турган мүлкү үчүн ижара акысы | 169,0 |
14211200 | Муниципалдык менчикте турган жайларды, имараттарды, курулмаларды, жабдууларды жана техниканы ижарага алуу акысы | 169,0 |
| Жыйынтыгы | 37987,7 |
14232400 | Мектепке чейинки жана мектептик мекемелер тарабынан кошумча кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм | 2558,4 |
| Атайын каражаттар менен жалпысынан | 40546,1 |
13321100 | Теңдөөчү трансферттер | 6244,3 |
| Бардык кирешелер | 46790,4 |
Ынтымак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы м.а |
Жылдызбек кызы Мериза |
| № 2 тиркеме Ынтымак айылдык кеңешинин Токтом «10»_02_ 2026-жыл № 2 |
Ынтымак айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылдык аймагынын
Жайыл районунун Чүй облусунун бюджетинин чыгаша бөлүгү