Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ ДИН ИШТЕРИ ЖАНА
ЭТНОСТОР АРАЛЫК МАМИЛЕЛЕР БОЮНЧА УЛУТТУК АГЕНТТИКТИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 12-майы № 01-4/544
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана
этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин мамлекеттик
кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023 – жылдын 3 – мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтому менен бекитилген мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 2 – пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 10-апрелиндеги № 126 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин жобосунун 12-пунктунун 11-пунктчасына ылайык, буйрук кылам:
1. “Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024 – жылдын 12 – июнундагы № 304 токтому менен бекитилген Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Укуктук камсыздоо, диний уюмдарды каттоо жана санариптештирүү башкармалыгы:
– ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин аймактык бөлүмдөрүнө жеткирсин;
– расмий жарыяланган күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөсү мамлекеттик каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн;
– аталган буйрук күчүнө кирген күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жиберилсин.
3. Басма сөз-катчысы Ж.М. Мырзалиев:
– ушул буйрук Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин расмий сайтына жарыялансын.
4. Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын 2023-жылдын 18-декабрындагы № 546 “Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
5. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө төраганын орун басары М.М. Муратбековго жүктөлсүн.
6. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 7 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2026-жылдын 12-майында https://religion.gov.kg/ky/post/738 расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Т.Н. Ташибеков |