Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САЛАМАТТЫК САКТОО МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 4-июну № 614
Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын улуттук тизмесин түзүүнүн тартибин жана критерийлерин бекитүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өткөрүп берилген ыйгарым укуктарды ишке ашыруу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3- мартындагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуучу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүлүп берилген ченем жаратуучу айрым ыйгарым укуктардын тизмесинин 11-пунктунун 7-пунктчасына ылайык, буйрук кылам:
1. Ушул буйрукка тиркемеге ылайык Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын улуттук тизмесин түзүүнүн тартиби жана критерийлери бекитилсин.
2. Адам ресурстары жана укуктук камсыздоо башкармалыгынын укуктук камсыздоо бөлүмүнө (Шим Е.Л.):
1) ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө» токтомуна ылайык расмий жарыялоону камсыз кылсын;
2) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жана электрондук алып жүрүүчүлөрдө, анын жарыяланган булагы жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн;
3) ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн төмөнкү органдарга жөнөтсүн:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук алып жүрүүчүлөрдө, аталган буйруктун жарыяланган булагын көрсөтүү менен, маалымат үчүн;
- мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарына кыйшаюусуз сактоо жана аткаруу үчүн.
3. Ушул буйруктан келип чыгуучу иш-чараларды ишке ашыруу тийиштүү жылдарга Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин бекитилген бюджеттин алкагында жүзөгө ашырылат.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2023-жылдын 26-сентябрындагы № 1154 «Кыргыз Республикасынын жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын улуттук тизмесин түзүүнүн Тартибин бекитүү боюнча өткөрүп берилген ыйгарым укуктарды ишке ашыруу жөнүндө» буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
https://med.kg/uploads/ce214c3c-0511-4a04-89cc-52ddf61fca4f-%D0%9F%D1%80%D0%B8%D0%BA%D0%B0%D0%B7_614_04062026_%D0%9F%D0%96%D0%92%D0%9B%D0%A1.pdf расмий сайтында жарыяланды
6. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Т. А. Мамадалиевге жүктөлсүн.
Министр |
| Д.А. Осмонов |