Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-октябрындагы № 689 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу «Технологиялар жана инновациялар трансфери борбору» мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу «Технологиялар жана инновациялар трансфери борбору» мамлекеттик мекемесинин (мындан ары – Борбор) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Борбор Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу «Инновациялык борбор» мамлекеттик мекемесин кайра атоо жолу менен түзүлгөн.
3. Борбор Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин (мындан ары – Министрлик) ведомстволук уюму болуп саналат.
4. Борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жөнүндө жобону, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Министрликтин буйруктарын жана тескемелерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Борбор мамлекеттик менчикте турган обочолонгон мүлктү ыкчам башкаруу укугу берилген мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык өз алдынча балансы, казыналык өздүк эсептери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы менен мөөрү, башка мөөрлөрү жана штамптары, белгиленген үлгүдөгү фирмалык бланктары бар. Борбордун уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
6. Борбордун толук фирмалык аталышы:
1) мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу «Технологиялар жана инновациялар трансфери борбору» мамлекеттик мекемеси;
2) расмий тилде: государственное учреждение «Центр трансфера технологий и инноваций» при Министерстве науки, высшего образования и инноваций Кыргызской Республики.
7. Кыскартылган фирмалык аталышы:
1) мамлекеттик тилде: «Технологиялар жана инновациялар трансфери борбору» ММ;
2) расмий тилде: ГУ «Центр трансфера технологий и инноваций».
8. Борбордун юридикалык дареги: 720021, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 58а.
2-глава. Борбордун максаттары