Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 12-октябры № 689
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу «Технологиялар жана инновациялар трансфери борбору» мамлекеттик мекемеси жөнүндө
Технологиялар жана инновациялар трансферинин натыйжалуу улуттук системасын калыптандыруу жана өнүктүрүү, илимий жана илимий-техникалык иштин натыйжаларын коммерциялаштырууну камсыз кылуу, илимдин, билим берүүнүн, бизнестин жана мамлекеттин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү системалуу координациялоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу «Инновациялык борбор» мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу «Технологиялар жана инновациялар трансфери борбору» мамлекеттик мекемеси болуп кайра аталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу «Технологиялар жана инновациялар трансфери борбору» мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 390 «Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункттун 2-пунктчасы, 3-пункттун 2-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин башкаруу схемасында:
– «Инновациялык борбор» деген сөздөр «Технологиялар жана инновациялар трансфери борбору» деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги белгиленген тартипте:
1) Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу «Технологиялар жана инновациялар трансфери борбору» мамлекеттик мекемесин юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоодон өткөрсүн;
2) бул токтомду ишке ашыруу боюнча башка зарыл чараларды көрсүн.
5. Ушул токтомду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин бекитилген штаттык санынын жана болгон финансылык каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 13-октябрындагы № 77 (3837) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |