Загрузка документа…
Тиркеме Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2026-жылдын 4-июнундагы № 614 буйругу менен бекитилген
Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын улуттук тизмесин түзүү тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. ЖМДКУТни кайра карап чыгуу жана түзүү боюнча жумушчу топ
3-глава. ЖМДКУТни кайра карап чыгуу жана актуалдаштыруу тартиби
4-глава. ЖМДКУТнин түзүмүн жана мазмунун калыптандыруу принциптери
5-глава. Дары каражаттарын тандоо критерийлери
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын улуттук тизмесин (мындан ары – Тартип) түзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын улуттук тизмесин түзүү тартибин жана дары каражаттарын натыйжалуу тандоо критерийлерин белгилейт.
2. Ушул Тартип дарылоонун сапатын, натыйжалуулугун жана коопсуздугун жогорулатуу, аны унификациялоо жана ресурстарды үнөмдөө үчүн саламаттык сактоо уюмдарында дары каражаттарын колдонууну оптималдаштыруу максатында иштелип чыккан.
3. Ушул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын улуттук тизмеси (мындан ары - ЖМДКУТ)- оорулардын алдын алуу жана дарылоо максатында саламаттык сактоонун артыкчылыктуу керектөөлөрүн камсыз кылуучу, медициналык колдонуу үчүн дары каражаттарынын тизмеси.
2) Жашоо үчүн маанилүү (негизги) дары каражаттары – бул калктын медициналык жардамга болгон артыкчылыктуу муктаждыктарын канааттандыруучу жана каалаган убакта, жетиштүү санда, тийиштүү дарылык формаларда, кепилденген сапатта, жетиштүү маалымат менен жеткиликтүү болууга тийиш болгон дары каражаттары.
3) Медициналык жардам – жарандардын ден соолугун сактоого, чыңдоого жана калыбына келтирүүгө багытталган медициналык иш- чаралардын комплекси.
4) Эл аралык патенттелбеген аталышы (мындан ары – ЭПА) – Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан сунушталган таасир этүүчү заттын аталышы.
5) Дары каражатын колдонуу профили – дары каражатын ЭПАсына, дозасына, фармакокинетикасына, фармакодинамикасына, дозалоо режимине, колдонууга көрсөтмөлөрүнө жана каршы көрсөтмөлөрүнө жараша колдонуу.
6) Дары каражатынын экономикалык жеткиликтүүлүгү (баасынын жеткиликтүүлүгү) – бул бейтаптын жана жалпы эле саламаттык сактоо тутумунун терапиялык көрсөтмөлөргө ылайык дары каражатын сатып алуу жөндөмдүүлүгү.
4. ЖМДКУТ ушул Тартиптин 4 жана 5-главаларында каралган тандоо критерийлерине жооп берген, чыгымдар жагынан эң натыйжалуу, коопсуз жана үнөмдүү дары каражаттары, ошондой эле ага киргизилген дары препараттарына бааларды жөнгө салуу максатында киргизилет.
5. ЖМДКУТ кайра карап чыгуу жана түзүү төмөнкү принциптердин негизинде жүзөгө ашырылат:
1) адилеттүүлүк;
2) илимий негизделгендик, рационалдуулук (далилдүү медицина позициясынан) жана практикалык маанилүүлүк;
3) аламаттык сактоо тутуму жана калк үчүн физикалык жана экономикалык жеткиликтүүлүк позициясынан дары каражаттарынын жеткиликтүүлүгү;
4). ачыктык (ЖМДКУТнин долбоорун сайтта коомдук талкуулоо, бейтаптардын ак ниет жана ишенимдүү маалымат алуу укуктарын ишке ашыруу).
6. ЖМДКУТ мезгил-мезгили менен, 2 жылда бир жолудан кем эмес жаңыланып турат. ЖМДКУТнин негизинде жарандарды дары каражаттары менен камсыз кылуу үчүн саламаттык сактоо уюмдарында дары каражаттарынын локалдык тизмеси (ооруканалык тизме) түзүлөт жана бекитилет.
7. ЖМДКУТни кайра карап чыгууну жана түзүүнү уюштурууга саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жооптуу болуп саналат.
2-глава. ЖМДКУТни кайра карап чыгуу жана түзүү боюнча жумушчу топ
8. ЖМДКУТни саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган (мындан ары – Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги) тарабынан түзүлүүчү жумушчу топ тарабынан кайра каралат жана түзүлөт.
9. Жумушчу топтун курамына Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн, ведомстволук уюмдарынын жана мекемелеринин жооптуу кызматкерлери, кесиптик медициналык жана фармацевтикалык ассоциациялардын өкүлдөрү жана бейтаптар коомчулугунун өкүлдөрү киргизилет.
10. Жумушчу топ 11 адамдан турат. Жумушчу топту жумушчу топтун төрагасы жетектейт. Жумушчу топтун жеке курамы, төрагасы жана катчысы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен аныкталат.
11. Жумушчу топ зарыл болгон учурда жумушчу топтун ишине катышуу үчүн көз карандысыз эксперттерди тартууга укуктуу. Жумушчу топтун жыйындарына мамлекеттик бийлик органдарынын, кызыкдар уюмдардын жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү чакырылышы мүмкүн.
12. Жумушчу топтун ишин уюштуруучулук-техникалык жактан камсыздоо, анын ичинде жумушчу документтерди даярдоо Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин түзүмдүк бөлүмү тарабынан жүзөгө ашырылат.
13. Жумушчу топтун жыйындары зарылчылыкка жараша өткөрүлөт жана эгерде ага жумушчу топтун мүчөлөрүнүн кеминде үчтөн экиси катышса, укуктуу деп эсептелет.
14. Жумушчу топтун чечими жыйынга катышып жаткан мүчөлөрдүн добуштарын эсептөө менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат жана протокол менен таризделет. Эгерде добуштар тең бөлүнүп калса, жумушчу топтун төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат. Жумушчу топтун жыйынынын протоколуна төрага, катчы жана катышкан бардык мүчөлөр кол коюшат.
15. Катчы жыйынды өткөрүү үчүн зарыл болгон документтерди жана материалдарды суратат жана даярдайт, жыйындын күн тартибин жана протоколдорун тариздейт.
16. Жумушчу топтун мүчөлөрү жана тартылган эксперттер иш башталганга чейин кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө декларацияга кол коюшат жана ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык, фармацевтикалык компаниялар менен финансылык өз ара мамилелердин бар экендиги жана коммерциялык кызыкчылыктын жоктугу же фармацевтикалык компаниялар же медициналык-санитардык жардам көрсөтүү үчүн продукцияларды чыгаруучу башка уюмдар менен башка кызыкчылыктардын кагылышуусу жок экендиги жөнүндө жазуу жүзүндө билдиришет.
17. Жумушчу топ эксперттик баа берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилген нускамага ылайык, Evidem инструментинин жардамы менен чечимдерди кабыл алуунун көп критерийлүү анализинин (мындан ары – ЧККА) моделин колдонот.
3-глава. ЖМДКУТни кайра карап чыгуу жана актуалдаштыруу тартиби
18. ЖМДКУТни актуалдаштыруу максатында жумушчу топ А Тизмесин жана Б Тизмесин даярдайт.
19. Дары каражаттарынын А Тизмеси Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун акыркы редакциядагы Негизги дары каражаттарынын моделдик тизмесинен (мындан ары – БДСУнун Моделдик тизмеси) дары каражаттарын тандоо жолу менен түзүлөт.
20. Жумушчу топ А тизмесин биринчи жыйын өткөн күндөн тартып 20 жумушчу күнгө чейинки мөөнөттө түзөт.
21. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өзүнүн расмий сайтында (https://med.kg) “Мыйзамдар” бөлүмүндө сунуштарды берүү мөөнөттөрүн көрсөтүү менен ЖМДКУТни кайра карап чыгуу процедурасынын башталгандыгы жөнүндө билдирүүнү жана А тизмесин жарыялайт.
22. ЖМДКУТне позицияларды киргизүү, алып салуу же өзгөртүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө төмөнкүлөр укуктуу:
1) бардык деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдары менчик формасына карабастан;
2) илимий жана медициналык мекемелер;
3) медициналык кесиптик жана пациенттик коомдук ассоциациялары/ бирикмелери;
4) дары препараттарынын өндүрүүчүлөрү жана каттоо күбөлүктөрүнүн ээлери.
23. Дары каражаттарын ЖМДКУТне киргизүү боюнча сунуштар ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык билдирме формасында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин расмий сайтында А тизмеси жарыяланган күндөн тартып 20 жумушчу күнгө чейинки мөөнөттө кагаз жана электрондук форматта жумушчу топтун катчысына жөнөтүлөт.
24. Жумушчу топтун катчысы келип түшкөн билдирмелердин толтурулушунун тууралыгын алардан келген учурдан тартып 5 жумушчу күндүн ичинде текшерет. Ушул Тартипте белгиленген талаптарга жооп бербеген билдирмелер андан ары каралбайт, бул жөнүндө билдирме ээсине 3 жумушчу күндүн ичинде кабарланат. Түзөтүлгөн билдирмени кайрадан берүүгө билдирмелерди кабыл алуунун белгиленген жалпы мөөнөтүнүн алкагында жол берилет.
25. Дары каражаттарын ЖМДКУТне киргизүү жөнүндө келип түшкөн сунуштар андан ары баалоо үчүн төрага тарабынан жумушчу топтун мүчөлөрүнүн ортосунда туш келди тандоо жолу менен бөлүштүрүлөт.
26. Келип түшкөн сунуштарга эксперттик баа берүү ушул Тартиптин 5-главасында каралган критерийлерге ылайыктуулугуна 20 жумушчу күнгө чейинки мөөнөттө өткөрүлөт. Баалоонун жыйынтыктары баалоо жүргүзгөн жумушчу топтун мүчөсү же эксперт тарабынан ушул Тартиптин 2- тиркемесине ылайык билдирме формасынын тийиштүү графаларына киргизилет. Эксперттик баа берүү Evidem инструментинин жардамы менен чечимдерди кабыл алуунун көп критерийлүү анализинин (ЧККА) моделин колдонуу менен өткөрүлөт (ушул Тартиптин 4-тиркемеси).
27. Баалоодон өткөн дары каражаттары Б тизмесине киргизилет. Б тизмеси талкуулоо үчүн жумушчу топтун жыйынына чыгарылат. Ар бир дары каражаты боюнча ЖМДКУТне киргизүү үчүн добуш берүү өткөрүлөт. Мында Б тизмесинен ЖМДКУТне киргизилүүчү дары каражаттарынын саны А тизмесине кирген дары каражаттарынын санынын 10 пайызынан ашпоого тийиш.
28. Жумушчу топтун финалдык жыйынында А жана Б тизмелеринин негизинде түзүлгөн ЖМДКУТ бекитилет жана ал жумушчу топтун бардык мүчөлөрү кол койгон жыйындын протоколу менен бирге Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жөнөтүлөт.
29. Кайра каралган ЖМДКУТнин долбоору коомдук талкуулоо жүргүзүү үчүн (30 календардык күндөн кем эмес) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун Бирдиктүү порталына (www.koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылат.
30. Талкуулоонун жүрүшүндө келип түшкөн бардык сын-пикирлер жана сунуштар каттоодон өткөрүлөт, жумушчу топ тарабынан талданат жана негиздер болгон учурда долбоордо эске алынат.
4-глава. ЖМДКУТнин түзүмүн жана мазмунун калыптандыруу принциптери
31. Дары каражаттары ЖМДКУТне эл аралык патенттелбеген аталышы менен, колдонуу профилдери боюнча дарылык формаларын көрсөтүү менен киргизилет.
32. Өзгөчө учурларда, негиздүү медициналык жана фармакологиялык негиздемелер болгондо (мисалы, биотехнологиялык препараттар үчүн), Тизмеге топтоштурулган же химиялык аталыштар киргизилиши мүмкүн.
33. ЖМДКУТ дары препараттарын колдонуу профилдери боюнча иерархиялык түзүмгө ээ.
34. Айрым препараттар үчүн ЖМДКУТне чектөөчү белгилер (символдор) белгилениши мүмкүн:
1) - ушул Тизмеге киргизилген дары каражаты натыйжалуулуктун жана коопсуздуктун мыкты далили экендигин, бирок ушул эле топтогу кыйла арзан баадагы дары каражаттары колдонулушу мүмкүн;
2) [a] - бейтаптын жаш курагына жана салмагына байланыштуу дары каражатын колдонууга каршы көрсөтмөлөр бар экендигин билдирет;
3) [с] - дары каражатын колдонуу адистештирилген диагностикалык/ мониторингдик жабдууларды жана/же тар адистиктеги врачты талап кылаарын; дозалоодо символдун көрсөтүлүшү балдарга колдонуу үчүн белгилүү бир каршы көрсөтмөлөр бар экенин билдирет;
4) * - колдонууга өзгөчө көрсөтмөлөрдү же дары каражаты Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бекитилген клиникалык колдонмолорго/протоколдорго киргизилгендигин же бул каражатты колдонууда атайын көрсөтмөлөр бар;
5) ** - дары каражаты Кыргыз Республикасында контролго алынуучу психотроптук каражаттарга таандык, тиешелүү үлгүдөгү рецепт боюнча гана сатылат жана предметтик-сандык эсепке алынууга тийиш;
6) *** - дары каражаты Кыргыз Республикасында контролго алынуучу баңги каражаттарга таандык, тиешелүү үлгүдөгү рецепт боюнча гана сатылат жана предметтик-сандык эсепке алынууга тийиш экендигин билдирет;
7) ± - бейтаптар үчүн анын физикалык жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу максатында гана дары каражаты ушул Тизмеге киргизилген жана кымбат (баасы жогору) дары каражаттарынын категориясына кирет;
[r] - дары каражаты микробко каршы каражаттарга кирет, рецепт боюнча сатууну талап кылат.
5-глава. Дары каражаттарын тандоо критерийлери
35. Дары каражаттарын тандоо төмөнкү критерийлер боюнча жүзөгө ашырылат:
1) ооруга тийгизген таасири (кийлигишүү зарылдыгы): саламаттык сактоо тутумунун улуттук артыкчылыктарына шайкештиги, Кыргыз Республикасындагы өлүмдүн көрсөткүчү, ооруга чалдыгуу, майыптуулук, жашоо сапатына тийгизген таасири жана башкалар жөнүндө маалыматтар.
2) кийлигишүүнүн колдонулушу жана натыйжалары (дары каражаты): аталган кийлигишүүнү колдонуу боюнча сунуштамалары бар, далилдердин жогорку деңгээли көрсөтүлгөн жана аларга актуалдуу шилтемелер берилген учурдагы улуттук же эл аралык клиникалык колдонмолор.
3) улуттук жана/же эл аралык клиникалык колдонмолор жок болгон учурда – салыштырмалуу клиникалык натыйжалуулук жана салыштырмалуу коопсуздук/көтөрүмдүүлүк боюнча далилдердин маалыматтарын аларга актуалдуу шилтемелерди берүү менен көрсөтүү.
4) тутумдун мүмкүнчүлүктөрү (финансылык ишке ашырылышы): дарылоо курсунун/циклинин наркын эсепке алуу менен дары каражатынын экономикалык жеткиликтүүлүгү, колдонуудагы параметрлер менен салыштыруу, саламаттык сактоо уюмдарында жылдык АВС/VEN- анализинин (AE/AN) жыйынтыгы боюнча дары чыгымдардын биринчи категориясына кириши.
5) жогорку чыгымдуу кийлигишүү категориясын аныктоо үчүн экономикалык жеткиликтүүлүк коэффициентин эсептөө.
Экономикалык жеткиликтүүлүк коэффициентин (ЭЖК) эсептөө ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык жүргүзүлөт:
- эгерде ЭЖКнын мааниси 10дон аз же ага барабар болсо, анда дары каражаты ЖМДКУТнин базалык (негизги) дарысы катары киргизилет;
- эгерде ЭЖКнын мааниси 10дон жогору болсо, анда дары каражаты ЖМДКУТне бейтаптар үчүн анын физикалык жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн гана киргизилет жана мамлекеттик каражаттардын эсебинен сатып алуу үчүн милдеттүү болуп саналбайт/Жогорку технологиялар фондунун тизмесине киргизилиши мүмкүн, кымбат баалуу (жогорку чыгымдуу) дары каражатынын категориясы катары белгиленет.
36. Далилдердин сапаты: бардык жарыяланган далилдердин толуктугу жана карама-каршылыктардын жоктугу, далилдердин актуалдуулугу жана негизделгендиги.