Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР
КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 22-июну № 465-т
Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-январындагы № 14 «Бюджеттик кредиттөө чөйрөсүндөгү маселелер жөнүндө» токтому менен бекитилген Бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобонун 146-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. «Ишкердикти өнүктүрүү фонду» микрокредиттик компаниясы ачык акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен биргеликте «Кыргызайылтехсервис лизинг компаниясы» ачык акционердик коомунун карызын төлөө эсебине кабыл алынган мүлктү белгиленген тартипте мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү сунушталсын, анын ичинде:
1) Кыргыз Республикасы, Нарын облусу, Жумгал району, Чаек айыл аймагы, Актатыр айылы, Т. Мураталиев көчөсү, 68/20 дарегинде жайгашкан, № 11 контурдагы жалпы аянты 8 254 кв. м, идентификациялык коду 4-03-10-1001-3348 болгон, «Калктуу конуштардын жерлери» категориясындагы жер тилкеси;
2) Кыргыз Республикасы, Нарын облусу, Жумгал району, Чаек айыл аймагы, Актатыр айылы, Т. Мураталиев көчөсү, 68/21 дарегинде жайгашкан, № 11 контурдагы жалпы аянты 600 кв. м, идентификациялык коду 4-03-10-100-1-2271 болгон, «Калктуу конуштардын жерлери» категориясындагы жер тилкеси.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн мүлктү белгиленген тартипте мамлекеттик менчикке кабыл алсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн мүлккө мамлекеттик менчик укугун белгиленген тартипте мамлекеттик каттоону жүргүзсүн.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев