Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР
КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 22-июну № 460-т
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 279 «Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган мааракелик иш-чараларды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Залкар жазуучу, гуманист, философ, дипломат жана мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган мааракелик иш-чаралар планы (мындан ары – Иш-чаралар планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Тиешелүү министрликтер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) Иш-чаралар планында каралган иш-чараларды өз убагында жана сапаттуу аткарууну камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Иш-чаралар планын ишке ашырууну координациялоону камсыз кылсын.
4. Иш-чаралар планын ишке ашырууга байланышкан чыгымдарды каржылоо тиешелүү министрликтер жана ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) үчүн тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын чегинде жүргүзүлсүн.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев